Кыргызстандык бийкечти көрүп, оозум ачылган! Индиялык режиссердун маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековСулуулук сынагынын катышуучусу. Архив
Сулуулук сынагынын катышуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Индиядан келген режиссер Гириш Малик Кыргызстанда тартылып жаткан 4 миллион долларлык бюджеттүү тасма, ошондой эле жергиликтүү кыздардын айырмачылыктары тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Светлана Федотовага айтып берди.

Гириш Малик Индияда жылдызы жанган режиссер. Миллиондогон тургундардын көңүлүнөн түнөк тапкан тасмаларды тартып келет. Бул мырза Кыргызстан ар кыл долбоорлорду ишке ашырчу мыкты аянтча болуп берерине ишенет. Ошондой эле бул тасмадан соң Борбор Азия аймагында дагы далай долбоорлор тартылат деп эсептейт.

© Sputnik / Нурис АлымбаевИндиядан келген режиссер Гириш Малик: кыргызстандык актерлордун иштегени да мага абдан жакканын белгилей кетейин. Байкашымча, биринчиден, алар сүрөткө абдан жакшы түшүп, экинчиден, абдан эмгекчил келишет экен, тасма тартуудагы катаал шарттарга да кайыл болушту
Индийский кинорежиссер Гириш Малик - Sputnik Кыргызстан
Индиядан келген режиссер Гириш Малик: кыргызстандык актерлордун иштегени да мага абдан жакканын белгилей кетейин. Байкашымча, биринчиден, алар сүрөткө абдан жакшы түшүп, экинчиден, абдан эмгекчил келишет экен, тасма тартуудагы катаал шарттарга да кайыл болушту

— Кыргызстанда тарткан тасма жөнүндө айтып берсеңиз.

— Турмуштан алынган окуяга негизделген абдан күчтүү фильм. Балдардын билим алышы жана тарбиясы боюнча көйгөйлөргө багытталган. Бейөкмөт уюмдун жанкечтиликке даярдалып жаткан афгандык наристелерди кан майдандан куткарган кызматкери туурасындагы окуя фильмдин сюжетине негиз катары алынган.

Съемки детского фантастического фильма Жетикс в КР - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда балдарды уурдаган НЛО. "Жетикс" тасмасынын жаратуучулары менен маек
Сценарийди бир топ жыл жаздык, көп жагы чийки эле. Бирок акыры боорукердик, билим берүү, үмүт адамдын жашоосун кандай өзгөртөрү туурасында көркөм окуя жарата алдык. Тасмада тарбия, аң-сезимди жазгыруу көйгөйлөрү, ал эми эң башкысы — келечеги бар бактылуу баланы кантип тарбиялоо темасы козголгон.

Бул – байкуш балдарды өз жанынан кечүүгө жана башкаларды да өлтүрүүгө даярдашканы тууралуу, ошондой эле алардын оң багытка түшүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн киши жөнүндө баян. Балким сиздерде индия тасмалары туурасында көндүм пикирлер жашайт чыгар, бирок бул тасма абдан жакшы, көңүлгө жакын кино болот. Ашыкча, ыксыз көбүртүлүп-жабыртылбайт, болгону турмуштан алынган окуя жаңыча чагылдырылат.

— Тасмага кимдер тартылды?

— Фильмде Болливуд жылдыздары Санжай Датт и Наргис Факхри тартылат. Биринчиси – мыкты мырза ролун жараткандыгы жана комедиялык ролду мыкты аткаргандыгы менен Filmfare сыйлыгынын лауреаты.

Наргис Факхри — индиялык модель жана актриса, абдан татына кыз. Ал "America's Next Top Mode" шоусуна катышкан. Актердук кадамы 2011-жылы "Рок-жылдыз" болливуд фильми менен башат алган.

Анан тасмага жергиликтүү тургундар да тартылды.

Кыргызстандык актерлордун иштегени да мага абдан жакканын белгилей кетейин. Байкашымча, биринчиден, алар сүрөткө абдан жакшы түшүп, экинчиден, абдан эмгекчил келишет экен, тасма тартуудагы катаал шарттарга да кайыл болушту. Эң башкысы – мен алардан режиссер катары эмнени талап кылып турганымды илгиртпей баамдай билишти.

© Sputnik / Нурис АлымбаевРежиссер Гириш Малик: тасмага биз 4 миллиондун тегерегинде сарптадык. Ишти баштаганда тасма тартуу менен алектенген бир нече топтор менен тааныштык. Долбоордун чыгышын торогон тоскоолдук каражат маселеси болду.
Индийский кинорежиссер Гириш Малик - Sputnik Кыргызстан
Режиссер Гириш Малик: тасмага биз 4 миллиондун тегерегинде сарптадык. Ишти баштаганда тасма тартуу менен алектенген бир нече топтор менен тааныштык. Долбоордун чыгышын торогон тоскоолдук каражат маселеси болду.

— Фильмдин бюджети кандай?

— Тасмага биз 4 миллиондун тегерегинде сарптадык. Ишти баштаганда тасма тартуу менен алектенген бир нече топтор менен тааныштык. Долбоордун чыгышын торогон тоскоолдук каражат маселеси болду.

Ак илбирстин тукуму тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз керемети: тарыхта калчу 10 тасма
Менимче, мындай кырдаалдан чыгуунун жолу жөнөкөй – кесипкөйлүктү арттыруу абзел. Менин баамымда Кыргызстанда элге көрсөтүү менен тасманын чыгымын актоо абдан кыйын, бюджеттин 50 пайызы тасма тартуучулардын жеке каражатынан турат.

Миллионер болбогон соң мындай көрүнүш – чоң жаңылыштык. Кыргызстандын шартында тасма тартуу үчүн инвесторлорду өлкөдөн тыш жактан издөө зарыл. Конкурстук долбоорлорду жаратып, ар кыл фестивалдарга жиберүү керек. Кандай болсо да, мен өзүм ошентем, ийгилиги жаман эмес. Тасмаларымдын бири "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн.

— Эмнеликтен дал биздин Кыргызстанда тасма тартууну чечтиңиз?

— Көп өлкөлөрдө болдум, көптөгөн кооз, кызыктуу жерлерди билем. Тасма тартууга киришерден мурун Азербайжан, Казакстанда болдум, бирок дал ушул жерден издегенимди таптым. Бул жер кандайдыр бир бөтөнчөлүккө ээ. Мага тоолор, талаа, көлдөрдүн көрүнүшү камтылган аянтча зарыл эле. Фильмде дин темасы да козголот, ошондуктан сюжет боюнча жаратылыш кооздугунан сырткары, мечит жана бейиттердин көп болушу да маанилүү болчу.

Индиялык көрүүчү үчүн бул жер абдан укмуш сезилет. Бишкек бөлөкчө архитектурасы бар саркеч калаа экен, маселен, 10 чакырым жүрүп-жүрбөй эле тоого жетип каласың. Тасманын негизги бөлүктөрүндө жандуу, калкы жыш шаардагы турмуш көрсөтүлөрүн тактай кетейин. Каракол шаары, Ысык-Көл, Памир тоо этектери, ошондой эле түштүк аймактардын көрүнүшү да тасмага түштү.

— Кыргызстанга адеп келгениңиздеги алган таасириңиз кандай эле?

— Өлкөңүздөргө бир нече ай мурун келгенбиз. Өз көзүбүз менен баарын көрүп, кадрга кандай жарашарын баалоого тийиш элек. Адегенде Бишкекте болдук, андан кийин Ошко сапар алдык. Ал жак жайгашышы боюнча тасма тартууга абдан ылайык келди.

Чындыгында Кыргызстан абдан кооз, балким, жергиликтүү элдин көзү каныгып калып, бул жердин керемет кооздугун элес албай калган чыгар. Түндүк жана түштүктүн башкы шаарлары тоолор менен курчалганы мага абдан жакты. Мындай кооздуктан улам калаалар абдан кулпуруп турушат.

II Всемирные игры кочевников. День пятый. Финал по кок-бору - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөнү дүңгүрөткөн тасмалар, ЮНЕСКОго кирген көк бөрү. Маданиятта не кеп болду
Бишкек жаш калаа экендиги, Совет Союзунун изи калгандыгы байкалып турат, себеби, билишимче, бул жерлерде курулуш иштери СССР куралган убактан тарта башталган.

Соңку жылдары мында ыраактан батыштагыдай асман тиреген имараттардай курулуштар пайда болуп жатыптыр. Шаарда калк жыш деле жайгашкан эмес. Кишини өзүнө тартып турган шаар, бул жерлердин кандайдыр айырмачылыктары бар. Бул менимче, жергиликтүү элде байкалат го дейм. Кыргыздын меймандостугу жана ачыктыгы ичимди жылытты. Кандайдыр көмөк керек болуп калганында жергиликтүү тургундар, көбүнесе, англис тилин билбегени да жардамын аябады. Буга да карабастан, тил табышып жаттык.

Анан да бул жердин ашканасы укмуш, тамактарынын даамы таңдайда калат экен. Улуттук тамак-аш дароо эле көңүлүмө уюган. Бул жердин тамактарынан баш тарта албай жатып, салмак да коштум.

© Sputnik / Нурис АлымбаевРежиссер Гириш Малик: сапарыбыз карып калды, келерки айда кетебиз. Жаңы жылды Кыргызстанда утурлап, бул жакта кандай белгилешерин көргүбүз келди. Салттар абдан кызык, элге бул майрам абдан маанилүү экенин билем
Индийский кинорежиссер Гириш Малик - Sputnik Кыргызстан
Режиссер Гириш Малик: сапарыбыз карып калды, келерки айда кетебиз. Жаңы жылды Кыргызстанда утурлап, бул жакта кандай белгилешерин көргүбүз келди. Салттар абдан кызык, элге бул майрам абдан маанилүү экенин билем

— Кыргыз кызын алгач көргөнүңүздө кандай ойдо болдуңуз?

Султанмурат, Нургазы, Очкарик... Бала кезде кино жылдызы болгондор азыр кайда - Sputnik Кыргызстан
Султанмурат, Нургазы, Очкарик… Бала кезде кино жылдызы болгондор азыр кайда
— Биринчи кыргыз кызы менен өлкөңүздөрдүн Индиядагы элчилигинде таанышкам. Сиздердин улуттун өкүлдөрү кандай болорун мурда-кийин билбепмин, бирок ошол кыз мага абдан сулуу сезилген. Укмуштай сулуу гана эмес, тарбиясы түзүк, жупуну, ошол эле учурда абдан акылдуу бийкеч экен. Азиялык өң менен эч кандай ээн баштыгы жок эркин жүрүм-турумдун шай келиши көзгө дароо урунат. Кыргызстанга келгенимде бул жергиликтүү кыздарга таандык өзгөчөлүк экенин аңдадым.

— Кыргызстанда дагы канча убакыт болосуздар?

— Сапарыбыз карып калды, келерки айда кетебиз. Жаңы жылды Кыргызстанда утурлап, бул жакта кандай белгилешерин көргүбүз келди. Салттар абдан кызык, элге бул майрам абдан маанилүү экенин билем. Адамдар даамдуу тамактарды жасап, үйлөрүн кооздоп, бири-бирине белек беришет. Андан кийин чыгармачыл тобум менен бирге фильмди монтаждоо үчүн Индияга кайтам. Чоң экранга тасма 2018-жылдын күзүндө чыгат, балким Кыргызстанда да көрсөтүлүшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0