Прима-балерина Тумакова: Рахмон кыргыз бийи Отунбаевага жакпай калабы деп санааркаган

© Фото / Самуэль СактанбековЗаслуженная артистка КР, балерина Айзада Тумакова
Заслуженная артистка КР, балерина Айзада Тумакова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үлбүрөбөсөм дагы өзүмдү назик кызмын деп ойлочумун. Бирок балерина Айзада Тумакова менен кезиккенден кийин мындай оюм кумга сиңген суудай жок болду. Анын назиктигин, көпөлөктөй жеңил кыймылын, сыпайы мүнөзүн көргөндө чын эле өзүмдү олдоксон сездим.

Айзада Тумакова — КРдин эмгек сиңирген артисти. Москва академиялык хореографиялык окуу жайын аяктап, кийин Россияда, Швецияда, Тажикстанда эмгектенген. Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын прима-балеринасы Sputnik Кыргызстан агенттигине баш багып, маек куруп берди.

— Айзада айым, балет менен кантип "табышып" калдыңыз эле?

СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти Сайра Кийизбаеванын архивдик сүрөтү (оңдо) - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Сайра Кийизбаеванын 100 жылдыгына карата кече өтөт
— Фрунзеде төрөлүп, ата-энемдин жумушуна байланыштуу мектеп босогосун Оштун Өзгөн шаарында аттагам. Бир күнү биздин мектепке Фрунзе хореографиялык окуу жайынын директору, кадимки Райкан Шүкүрбековдун кызы Айдай Шүкүрбекова таланттуу балдарды издеп барыптыр. Ал жактан мени таап алган. Бирок ата-энем "кичинекей кызды Ленинградга кантип жалгыз жиберебиз" деп каршы болушуптур. Ошондо Айдай эже "балдарыңар чабан, саанчы болуп эле жүрө берсинби?! Искусствого дагы кошкула да" деп катуу айтыптыр. Ошентип мен Москвага окууга кеттим. Окуу жайда айтылуу балерина, артисттер менен катар жүрүп, сабак алдым. Азыр мага ал күндөр жомоктой сезилет. 
© Sputnik / Максат ЭлебесовКРдин эмгек сиңирген артисти, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын прима-балеринасы Айзада Тумакова: 20 жыл көз ачып-жумгуча өтүп кетет экен
Заслуженная артистка КР, балерина Айзада Тумакова - Sputnik Кыргызстан
КРдин эмгек сиңирген артисти, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын прима-балеринасы Айзада Тумакова: 20 жыл көз ачып-жумгуча өтүп кетет экен

— Сахнада жүргөнүңүзгө 20 жылдан ашыптыр. Ушунча убакыт "форманы" кармап жүрүү жеңил болбосо керек?

— Ишенесиңерби, 20 жыл көз ачып-жумгуча өтүп кетет экен. Москвадан окуумду аяктап, бул жакка жаңы келген күндөрүм эске түшөт. Москва деген Москва да, театры чоңураак, труппалар, солисттер көп… Алгач бул жакка көнө албай жүрдүм. Бирок ошол кездеги маданият министри Чолпонбек Базарбаев "иште, Кыргызстанга сендей артисттер керек" деген кеп-кеңештерин берди, ал кишиге күнү бүгүнкүгө чейин ыраазымын. Кийин Уран Сарбагышев, Рейна Чокоева менен иштешип, чоң тажрыйба алдым. 20 жыл ичинде репертуарыма дээрлик бардык балеттердин башкы каармандарынын ролдору кирди. Азыр кайсы бир балерина ооруп же келбей калса эле "бийлеп бериңиз" деп мени чакырышат. Өзүмчө эле "палочка-выручалочка" болуп калдым.

Ушунча жылдан бери жумушумда ийгиликтүү иштеп келе жатканыма үй-бүлөмдүн салымы чоң. Жолдошум экөөбүз (балетмейстер Эмил Акматов — ред.) бир тармакта иштегендиктен, ал мени дайыма колдоп турду, кайненем жумушуман калтырбай балдарымды багып берди.

— Канча балалуу болдуңар?

— Эки кыз, бир уул төрөдүм. Мени балериналар арасында "баатыр эне" деп койсо болот (күлүп). 

© Фото / Самуэль СактанбековАйзада Тумакова: эки кыз, бир уул төрөдүм. Мени балериналар арасында "баатыр эне" деп койсо болот (күлүп)
Заслуженная артистка КР, балерина Айзада Тумакова - Sputnik Кыргызстан
Айзада Тумакова: эки кыз, бир уул төрөдүм. Мени балериналар арасында "баатыр эне" деп койсо болот (күлүп)

— Азыр мага аялдар көп бала төрөгөндөн корккондой сезилет. Ал эми балерина үчүн үч бала эрдик болсо керек?

Балерина Рейна Чокоева менен балетмейстер Уран Сарбагышев жаш кезинде - Sputnik Кыргызстан
Легендага айланган Уран Сарбагышев. Балетмейстердин сейрек сүрөттөрү
— Физикалык жактан, албетте, татаал. Баланы көтөрүү, төрөттөн кийин кайра формага келүү — өзүнчө эле азап. Биринчи кызымды төрөгөндө беш айдан кийин жумушка чыккам. Алгач станокко туруп артка ийилейин десем, белим тим эле какыят. Дене-боюм мени уккусу жок. Кыскасы өзүмө көп убакытта келдим. Анан кызым 12 жашка толгондо уулдуу болдук. Баланы бешикке бөлөп, кызга таштап коюп, жолдошум экөөбүз үйдүн жанындагы мектептин аянтчасында чуркап, көнүгүүлөрдү жасачубуз. Салмак түшүрөйүн деп жүгүрөм, күйөөм "бол, бат кыймылда" деп артыман кууп алат. Кийин спортзалга жазылдым, ошентип формага келдим.

Үчүнчү жолу жолдошум экөөбүз келишим менен Душанбеде (Тажикстан) иштеп жүргөндө боюмда болуп калды. Шарт боюнча мен төрөбөшүм керек эле, ошондуктан күйөөм экөөбүз үйгө кетели деп камынып калганбыз. Бирок Тажикстандын Маданият министрлиги, театр жетекчиси кетирбей коюшту. Анда төрөр-төрөгүчө мугалим катары иштеп, төрөгөндөн кийин бир жума өтүп жумушка чыктым. Анткени алдыда Германияга гастроль бар эле, ага даярданууга туура келди.

— Тажикстанга кандайча барып калдыңар эле?

— Бишкекте иштеп жүргөндө Муратбек Бегалиев "Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон балеттин деңгээлин көтөрүүнү пландап, балет жуптарын издеп жатыптыр. Барып келбейсиңерби" деп калды. Биринчи "ал жерде балет бар бекен?" деп таң калдык, чочуладык. Жарым жыл ойлонуп, акыры барып келүүнү чечтик. Бирок барганыбызга өкүнгөн жокпуз, бизди абдан жакшы тосуп алышты. Жолдошум балетмейстер болсо, мен бийлеп жүрдүм. 

© Sputnik / Максат ЭлебесовАйзада Тумакова: төрөр-төрөгүчө мугалим катары иштеп, төрөгөндөн кийин бир жума өтүп жумушка чыктым
Заслуженная артистка КР, балерина Айзада Тумакова - Sputnik Кыргызстан
Айзада Тумакова: төрөр-төрөгүчө мугалим катары иштеп, төрөгөндөн кийин бир жума өтүп жумушка чыктым

— Тажик балетин көтөрүүгө салым кошо алдыңыздарбы анан?

Кыргыз ССРинин эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреты, балерина Рейна Чокоева - Sputnik Кыргызстан
Рейна Чокоева: министр Казакбаев өзү Ленинграддагы бизге сары май, жаңгак салчу
— Биз барганда ал жакта дагы артисттер аз экен. Жолдошум жаңы солисттерди издеп, труппа курап, 12 спектакль койду. Баса, ошол кезде Душанбеде ШКУ саммити болуп, ага биздин президент Роза Отунбаева дагы бармак. Президент Рахмон кыргызча балет коюп бергиле деп тапшырма берди. Биз бул жактагы адистер менен кеңешип, номерлерди даярдадык. Генералдык репетицияга президент өзү катышмай болду. Артисттердин баары концерт болгону жаткандай даярданышып, маданият министри, театр директору келди. Эмомали Рахмон блокнотун ачып алып, ар бир номерге эскертүү жазып жатты. Кыргыз бийге келгенде менин жүрөгүм дүкүлдөй башады. Анткени бизге чейинки номерлердин көбүнө абдан катуу эскертүүлөр айтылып жаткан. Биз бүткөндөн кийин ал "кыргыз бийин ким койду?!" деп сурады. Министр тура калып директорду көрсөттү эле, директор менин жолдошумду карап калды. Эмил бир караганда тажиктерге түспөлдөшүп кетет. "Бери келчи" деди президент. Ал жанына барганда карап туруп "сен кыргыз тажик турбайсыңбы. Азамат! Бирок балдар калпакты туура эмес кийип алышкан го. Анын үстүнө булар аябай кичинекей экен. Мен Кыргызстанга барганда чо-оң калпак кийгизишкен" деди. Жолдошум ал Бакай калпак деп аталарын, аны кадыр-баркттуу конокторго кийгизерин түшүндүрдү. Экинчиден, бийге анын мааниси, ыңгайы туура келбей турганын айтты. Залдагылардын эч кимиси үн катпай экөөнү карап турат. Ошондо Рахмон "Роза Исаковна менен чогуу отурам, ошондо сен дагы биздин жаныбызда бол. Бир жери туура эмес болуп калса, сен жооп бересиң" деп экөө кол алышты. Кийин концерт жакшы болуп, Роза Отунбаева мактап кеткен. 

— Башка дагы чет өлкөлөрдө иштеген экенсиздер. Ал жактар менен Кыргыстандагы айлыктын айырмасы асман менен жердей болсо керек?

— Бизде айлык акылар мурда аябай аз болчу. Алмазбек Атамбаев президент кезде бир топ көтөрүп берди. Буга чейин 5-6 миң сом алган катардагы бийчилердин көбү учурда 17-18 миң сомдон алып жатат. Анын 10 миңи президенттик стипендия катары берилет. Бул эми укмуш акча эмес, бирок кудайга шүгүр, жан бакса болот. Баса, учурда Максат Сыдыков аттуу жаш хореографыбыз "Щелкунчикти" 3D форматында койду. Бул биздин артисттерге дагы чоң тажрыйба болууда. Ушул жетишкендикке өкмөт көңүл буруп, колдоого алат деп ишенип жатам.

Жаңылыктар түрмөгү
0