"Асман" шоусунун жеңүүчүсү аныкталды

© Фото / Event-агентство "Асылбашев "Креатив"Победительница шоу "Асман" Жанар Туратова
Победительница шоу Асман Жанар Туратова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынакка 100дөй адам катышкан, финалда үчөө эле калган болчу

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. "Асман" шоусунун финалдык бөлүгүндө Жанар Туратова жеңишке жетишти.

Долбоордун алкагында үч финалист Айзана Усупбаева, Адилет Жумашев жана Жанар Туратова жарышка түшкөн.

Натыйжада Кыргыз музыкалык училищесинин 24 жаштагы студенти Жанар Туратова көрүүчүлөрдүн көпчүлүк добушуна ээ болуп жеңишке жетишти.

Ал Asylbashev Creative продюсердик борбору менен келишим жана 100 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын утуп алды.

Sputnik Кыргызстан долбоордун маалыматтык өнөктөшү болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0