Эшекке теңебейт! Бала тарбиялоодогу 7 "болбойт"

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOФестиваль кочевников в ущелье Чункурчак
Фестиваль кочевников в ущелье Чункурчак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Баланы башынан, аялды жашынан" деген сөз элибизде бекеринен айтылып калбаса керек. Чүрпө кийин туура жолду тандап, адам болушуна ата-эне берген тарбия сөзсүз таасирин тийгизет.

Наристе ыйлаак, эрке же өтө эле маңыроо болуп калбашы үчүн ата-эне эмнелерди эске алуусу керек? Өспүрүм куракка чейинки балага туура тарбиянын үлгүлөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигине балдар психологу Айгүл Кызалакова айтып берди.

Эгиз балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бешиктерин катар койбойт. Эгиздерге карата 6 "болбойт"
Тарбияны кечиктирбейт. Тарбияны наристе төрөлгөндө эле бере башташ керек. Себеби ымыркай жарык дүйнөгө келгенде эле баарын түшүнүп, аңдап калган болот. Апасы убактысынын көбүн баласы менен өткөргөндүктөн аны менен сүйлөшүп, баарлашып турушу зарыл. Мисалы, кийим кийгизип жатканда оң бут, сол бут кайсы экенин айтып, өң- түстөрдү, фигураларды ажырата билгенди үйрөтүш керек. Эмне жаман, эмне жакшы экенин кичине кезинде эле көп айта берсе бала ошого калыптанып чоңоет.

Көңүлкош мамиле жасабайт. Ата-эне баласы менен көбүрөөк убакыт өткөргөнгө аракет кылышы керек. Ооба, жумуш, кызмат деген бар, бирок балага кичине кезинде ата-энеси көп көңүл бурбаса наристе өзү менен өзү чоңоюп, ата-энеден алыстап калышы ыктымал. Чүрпөңүз 2-3 жашта болсо да андан бакчадан же үйдө эмне кылганын сурап, кызыктуу оюндар менен ойнотуп, көп көңүл бурганды унутпаңыз.

Телефон карматпайт. Айрымдар баласы ыйласа телефонун берип атып, кийин андан ажырата албай калышууда. Балага башында эле телефон зыян экенин айтып, түшүндүрсө болот. Пайдалуу, өнүктүргөн, ден-соолугу үчүн зыян келтирбеген оюнчуктарды алып берүүдө акчаңызды аябаңыз.

Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фондусунун аткаруучу директору Доктургүл Кендирбаева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Кендирбаева: 9 тойго барган ата-эне баласына 9 мүнөт көңүл бөлбөйт
Уруп, сабабайт. Баланы урса болобу же болбойбу деген суроо бар. Чүрпөнү уруп-сабап туура тарбиялайм деп ойлобоңуз. Себеби токмок жеп чоңойгон бала тартынчаак, өз оюн айталбаган коркок болуп калышы ыктымал. Ошондуктан кокус балаңыз туура эмес бир нерсе кылып алса, алгач себебин сураңыз. Телевизор коюп бербей же балдар менен ойногонго жибербей коюп жазаласаңыз деле болот.

Баланын көзүнчө ата-эне урушпайт, сөгүнбөйт. "Уядан эмне көрсө, учканда ошону алат" дегендей, чүрпөгө алгач ата-эне өзү үлгү болуш керек. Балага тарбия эч качан кан менен берилбейт. Алар чоңдорду көрүп өсүп, ошого жараша калыптанышат. Эгер сиз жаман жорук жасап койсоңуз эртең эле аны бала туурап чыгат. Балаңыз тартиптүү, маданияттуу болсун десеңиз алгач өзүңүз үлгү болуңуз.

Фестиваль народного и прикладного искусства Кыргыз Шырдагы - Sputnik Кыргызстан
Кудалашпайт, эсептешпейт. Туугандар ортосунда 7 "болбойт"
Жаман сөздөр менен атабайт, сөкпөйт. Баланы "эшек, ит, чочкого" салыштырып урушуу ата-эненин өтө чоң кемчилиги. Аябай катуу жиниңизге тийип жатса да сабырдуу болуп кыйкырып-өкүрбөй акырын айтып көндүрүңүз. Кийинки кесепети жаман болот.

Жалгызсыратпайт. Колдон келсе коомчулукка көбүрөөк аралаштырыңыз. Чүрпөңүз бир жашка чыга элек болсо да аны менен паркта сейилдеп, театр, маданий жайларга көп алып барыңыз. Үйдөн чыкпаган бала өтө эле тартынчаак болуп өсүп, кийин коомго аралаша албай кыйналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0