Улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун архивдик сүрөтү

Айтматов 90 жашта! Мааракелик иш-чаралар бүгүн башталат

453
(жаңыланган 21:18 12.01.2018)
Иш-чарага премьер-министр Сапар Исаков катышат

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бүгүн Талас облусунда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чаралардын бет ачары өтөрүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө караганда, ачылыш аземине премьер-министр Сапар Исаков катышат.

"Өкмөт башчы Кара-Буура районунун Шекер айылында залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чаралардын ачылышына барат. Мындан тышкары, Талас мамлекеттик университетинин эмгек жамааты жана студенттери менен жолугушат", — деп айтылат маалыматта.

Улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы Талас облусунун Шекер айылында туулган.

453
Белгилер:
маараке, эскерүү, Чыңгыз Айтматов
Тема:
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы (22)
Тема боюнча
Москва шаарына 28 млн. сомго Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулат
Чөп чапкан, ой баскан, ат минген Айтматов. Жазуучунун эл көрө элек сүрөттөрү
Пикирлер