Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата эскерүү иш-чарасы болуп өттү

77 жашка чыкмак... Рыспай Абдыкадыров эскерилүүдө

122
(жаңыланган 14:02 13.01.2018)
Залкар талант 1994-жылы 53 жаш курагында көпкө созулган оорудан көз жумган

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бүгүн, 12-январда, Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

  • Бүгүн, 12-январда, Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата эскерүү иш-чарасы болуп өттү
    Бүгүн, 12-январда, Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата эскерүү иш-чарасы болуп өттү
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Иш-чарага мэриянын, облустук администрациянын өкүлдөрү, ырчынын жакындары, маданият кызматкерлери, жазуучулар, жогорку окуу жайлардын жамааттары, акындар жана шаар тургундары катышты.
    Иш-чарага мэриянын, облустук администрациянын өкүлдөрү, ырчынын жакындары, маданият кызматкерлери, жазуучулар, жогорку окуу жайлардын жамааттары, акындар жана шаар тургундары катышты.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 2
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Бүгүн, 12-январда, Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата эскерүү иш-чарасы болуп өттү

Иш-чарага мэриянын, облустук администрациянын өкүлдөрү, ырчынын жакындары, маданият кызматкерлери, жазуучулар, жогорку окуу жайлардын жамааттары, акындар жана шаар тургундары катышты.

"Рыспай Абдыкадыровдун наамын алып жүргөн Ош облустук филармониясынын жанында митинг-реквием өтүп, анын эстелигине гүлчамбар коюлду", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын жүрүшүндө филармониянын ырчылары улуу таланттын кайрыктарын келгендерге сунуштады.

Белгилей кетсек, Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда жарык дүйнөгө келген. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу 200дөн ашуун чыгармалары жараткан.

Залкар талант 1994-жылы 53 жаш курагында көпкө созулган оорудан көз жумган, көзү тирүү болгондо быйыл 77 жашка чыкмак.

122
Белгилер:
эскерүү, ырчы, Рыспай Абдыкадыров
Тема боюнча
Айтматов 90 жашта! Мааракелик иш-чаралар бүгүн башталат
Пикирлер