Эки акындын "Буулуккан булуттары" поэзия күйөрмандарын чакырат

Жазылуу
Поэзия кечеси 26-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын кичи залында болот

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Салт болуп калган "Акындар кечеси" өзүнүн быйылкы иш-чарасын акындар Жыпара Арыкова менен Атахан Кожогуловдун "Буулуккан булуттар" деген аталыш менен ачылат. Бул туурасында Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык фондусунан кабарлашты.

"Буулуккан булуттарда" түркүн тагдырлар, элдин көйгөйүн баяндаган ырлар, көөдөндү жылуулукка бөлөгөн лирика жаңырат", — деп айтылат маалыматта.

Эки таланттуу акын ырларын студенттик жылдардан тарта коомго алып чыгып, поэзия айдыңында өзүнүн күйөрмандарын тапкан. Экөө тең акын Табылды Муканов атындагы сыйлыктын лауреаттары.

"Буулуккан булуттар" кечеси 26-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын кичи залында болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0