"Манас" дүйнөсү элди улуттук китепканага чакырат

© Фото / пресс-служба НАН КР "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору. Архив
Манас, Семетей, Сейтек эпостору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көргөзмөгө улуу эпостун эң алгачкы чыккан китептеринен тарта манасчылар боюнча монографиялар коюлган

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бүгүн Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада "Манас" эпосу жана манасчылар" аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү, ошондой эле "Манас" эпосунун тезистик кара сөз түрүндөгү китебинин бет ачары өткөрүлөт. Бул туурасында "Саякбай манасчы" фондусунан кабарлашты.

Көргөзмө "Манас" эпосу – кыргыз рухунун туу чокусу", "Манас" эпосу жана манасчылар", "Саякбай манасчы" эл аралык фонду" деп аталган үч бөлүктөн турат.

Саякбай манасчы коомдук фондунун негиздөөчүсү, экс-депутат, ЖКнын аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев - Sputnik Кыргызстан
Самат Ибраевдин айылга каты. Манас ааламынын алдында аткарылган парз
Кызыккандар бул жерден "Манас" сериялары алдында 1940-1945-жылдары басмадан чыккан эпостун ар кандай эпизоддорун чагылдырган кичине форматтагы китептерин, академик Болот Юнусалиевдин редакциясында жарык көргөн "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигин көрө алат. Алп манасчылар Сагынбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин вариантындагы бир нече томдон турган ар кайсы жылдардагы басылыштары, кытайлык манасчы Жусуп Мамайдын Манас баатырдын сегиз муунуна чейинки айтымынын араб арибиндеги жана кыргыз алфавитиндеги басылышы да толугу менен коюлган.

Андан сырткары, "Манастын" кара сөз түрүндөгү варианттары жана улуу дастан менен манасчылар жөнүндө монографиялар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0