Бишкек жана Алматы курама командалары КВНди багындырмакчы

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүВыступление артистов на открытии штаб-квартиры "Планеты КВН"
Выступление артистов на открытии штаб-квартиры Планеты КВН - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чакырууну алар Сочиде өткөн 450дөн ашык команда катышкан фестивалдан кийин алышкан

БИШКЕК 24-янв. — Sputnik. Бишкек менен Алматынын "Маб" деп аталган курама командасы Минскиде өтүүчү эл аралык КВН лигасына чакыруу алышты. Бул тууралуу аймактык "Ала-Тоо" КВН лигасынын президенти Александр Ященко билдирди.

Анын айтымында, дүйнө жүзүнөн келген 468 команданын катышуусу менен Сочиде өткөн (4-январдан 17-январга чейин) КВН фестивалынын жыйынтыгынан кийин аталган команда Минскиге чакыруу алган. Ал фестивалга Бишкектин атынан аймактык "Ала-Тоо" лигасынын чемпиону "Черный кот" командасы да катышкан.

"Эл аралык лигадан кийин ары жакта КВНдин премьер-лигасы менен Жогорку лигасы калат. Алдын ала айтсак, "Маб" курама командасы үчүн жаңы сезон февралдын аягы марттын башы менен башталат. Бул балдар февралда жана былтыркы жылы Латвияда да жаман ойношкон жок. Бул жылы Минскиден чакыруу келди", — деди Ященко.

Ал бул аянтчада 2016-жылы КВНдин Жогорку лигасында чемпион аталган бишкектик "Азия MIX" профессионалдык ишмердигин баштаганын кошумчалап кетти.

"Ала-Тоо" КВН лигасы Борбор Азиядагы командалардын башын бириктирүү максатында Александр Масляковдун кичүүсүнүн демилгеси менен ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0