Актер Абдыкалыков: бир тууганым Актан Арым Кубат экөөбүз кинодо акыл үйрөтүшпөйбүз

© Фото / пресс-служба Департамента кинематографии КРАктер Акылбек Абдыкалыков "Түнкү кырсык" тасмасында. Архив
Актер Акылбек Абдыкалыков Түнкү кырсык тасмасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү режиссер Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасы Таллин шаарында өткөн "А" категориясындагы "Темные ночи" эл аралык кинофестивалында утуп алган баш байгеси кечээ Кыргызстанга алып келинди

Тасмада башкы каармандын ролун КРдин эл артисти, белгилүү актер жана театр режиссеру Акылбек Абдыкалыков жаратты. Анын ролун бир катар абройлуу делген дүйнөлүк басылмалар да баалашты. Sputnik Кыргызстан Акылбек Абдыкалыков менен жолугуп чыгармачылыгы, актердук кесип жана кыргыз киносу тууралуу маектешти.

— Алгач өмүр таржымалыңызга токтоло кетсеңиз?

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын жана Токтоболот Абдумомунов атындагы сыйлыктын лауреаты Кайрат Иманалие - Sputnik Кыргызстан
Кайрат Иманалиев: "Керээз" спектаклинин азыркы жетекчилер сабак алчу жери көп
— Өзүм Сокулукта төрөлүп, мектепти Бишкекте бүтүрдүм. Адабиятка жана кинорежиссерлукка кызыкчумун. Ушул жаатта Москвага окууга тапшырып, бирок комиссиядан өтпөй калдым. Себеби ал убакта Москвадагы кино окуу жайларына тажрыйбалуу адамдарды алышчу. Адабиятка кызыгып, ыр жазып калгандыктан филология факультетине тапшырдым. Биринчи курсту аяктаган соң, Москва мамлекеттик театр өнөрү инстутуна өттүм. Акыркы курста окуп жатканда "Мен — Тянь-Шань" тасмасында Алибектин ролун аткарып, аны менен бирге режиссердун жардамчысы болуп иштедим. Ошентип чыгармачылыкка алгачкы кадамымды таштадым. Андан соң көрүнүктүү чыгармачыл адамдар менен бирге Ошто драма театрын ачып иштедик. Алгач Ошто актер болуп жүрүп, кийинчерээк режиссер катары алгачкы спектаклди койдум. Андан соң Ысык-Көлдөгү драма театрында режиссер болуп эмгектендим.

© Фото / пресс-служба Департамента кинематографии КРАбдыкалыков: адам качан гана өзү ишенген, жан дүйнөсү жакын бирөөнү тапканда гана оңоло баштайт. Сүйүү бар жерде коом да, үй-бүлө да оңолот. Тасманын негизги темасы ушундай
Фильм режиссера Темира Бирназарова Тунку кырсык (Ночная авария)  - Sputnik Кыргызстан
Абдыкалыков: адам качан гана өзү ишенген, жан дүйнөсү жакын бирөөнү тапканда гана оңоло баштайт. Сүйүү бар жерде коом да, үй-бүлө да оңолот. Тасманын негизги темасы ушундай

— Сиздерди чыгармачыл үй-бүлө катары билебиз?

— Ооба, баарыбыз чыгармачыл адамдарбыз. Иним Актан Арым Кубат белгилүү режиссер, анын баласы Мирлан Абдыкалыков да тасма тартып жүрөт. Келинчегим Анара Назаркулова да эмгек сиңирген артист, кызым Щепкин атындагы театралдык окуу жайды бүтсө, уулум пианист. Дагы бир уул жана кызым башка тармакты тандады. Бирок бири-бирибизге чыгармачылык жактан акыл үйрөтпөйбүз. Актан кээде чакырат, сценарийин карап ой бөлүшөм. Мирлан "Сүтак" тасмасын келинчегим экөөбүзгө арнап жазып, башкы ролго чакырган. Бирок мен ден соолугума байланыштуу баш тарткам.

© Фото / Эркин БолжуровАктер: баарыбыз чыгармачыл адамдарбыз. Иним Актан Арым Кубат белгилүү режиссер
Актер: баарыбыз чыгармачыл адамдарбыз. Иним Актан Арым Кубат белгилүү режиссер - Sputnik Кыргызстан
1/2
Актер: баарыбыз чыгармачыл адамдарбыз. Иним Актан Арым Кубат белгилүү режиссер
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев...анын баласы Мирлан Абдыкалыков да тасма тартып жүрөт
...анын баласы Мирлан Абдыкалыков да тасма тартып жүрөт - Sputnik Кыргызстан
2/2
...анын баласы Мирлан Абдыкалыков да тасма тартып жүрөт
1/2
Актер: баарыбыз чыгармачыл адамдарбыз. Иним Актан Арым Кубат белгилүү режиссер
2/2
...анын баласы Мирлан Абдыкалыков да тасма тартып жүрөт

— Чыгармачыл адамдардын советтик доордо "биздин жашоо башкача болчу" деп калышат. Сиз буга кандай карайсыз?

— Албетте, ал убакта театр, кино, деги эле чыгармачылыктын бардык түрү башкача болгон. Азыркыдай чаржайыт эмес эле, чыгармачыл тартип деген бар болчу. Күндө спектакль коюлчу. Эми азыр андай шарттар жок. Ал убакта маданиятка терең көңүл бурулар эле, эл да маданияттуу болчу. Азыр маданият актер, жазуучу сыяктуу чыгармачыл эле адамдарга керек деп ойлошот. Бизге кереги жок. Биз ага ансыз деле өмүрүбүздү беребиз. Маданият мамлекетке, элге керек. Көчөдөгү айдоочуга, базардагы сатуучуга, дыйканга, деги эле баарына керек. Качан маданият толук калыптанганда жакшы жашоо болот. Азыр руханий кризистин ичиндебиз. Мына күндө болгон жол кырсыктары деле айдоочунун маданиятынын жоктугунан улам болуп жатат. Азыр бизге маданияттуулук жетишпей жатат.

— Эгемендик алгандан бери кыргыз киносунда кандай өзгөрүүлөр болду?

Белгилүү акын жана журналист Зайырбек Ажыматов маек учрунда - Sputnik Кыргызстан
Ажыматов: сүйүүгө акындар эле эмес, жигиттин баары эле туруксуз окшойт
– 1991-жылдан кийин кыргыз киносу бир топ мезгил токтоп калды. Бирок Артык Сүйүндүков, Бакыт Карагулов, Темир Бирназаров, Актан Арым Кубат жана башка адамдар кино тармагын сактап калышты десек болот. Алардын баары чогулуп талашып-тартышып жатып, кинону өстүрүштү. Азыр кыргыз киносу дүйнөгө таанылып калды. Театр да кинодой эле жолду басып өттү. 10-15 жыл эптеп оокат кылып калдык. Азыр спектаклдер дүйнөлүк фестивалдардан байгелүү орунга илешип жатышат. Чыгармачыл адамдарга кичине эле колдоо болсо дагы өнүгөт. Себеби кыргыздар талантка бай эл. Ошондой эле азыр коммерциялык кинолор көп чыга баштады. Аларды сындагандар көп. Бул бир чети туура. Бирок ошол эле убакта башкалардын тасма тартуусуна тыюу салбаш керек. Колунан келсе тартып кете берет, келбесе өзү эле токтотот. Жакшы чыгарма элдин көңүлүнөн орун таап, жаманы бат эле унутулат.

— Азыркы жаш актерлорду деле сынагандар көп. Кандай баа жана кеңеш бересиз?

– Эң негизгиси китеп окуу керек. Жалаң гана адабият эмес, саясат тууралуу, философияны окуп, коомдун тамырын тарта билиши керек. Себеби сахнага чыкканда сенин аураң көрүнүп туруусу зарыл. Ички дүйнөңдө эч нерсе жок болсо, бакырып-өкүрсөң да окшошпойт. Ошондой эле өзүңдүн үстүңөн абдан катуу иштөө маанилүү. "Ролду өзүңө сындырбай, ар бир роль үчүн өзүң сынышың керек" деген жакшы сөз бар. Мисалы Лирди ойнош үчүн ошол коомду, ал убактагы салт-санааны жакшы билиш керек. Талант кудайдан берилет. Бирок ал сокур. Качан окуганда гана көз, кулак, ооз пайда болот.

© Фото / пресс-служба Департамента кинематографии КРАбдыкалыков: режиссердун максатын түшүнүп, анан ролду өзүңчө алып чыксаң ал башка сөз. Бирок ал үчүн режиссер жана актер экөө тең билимдүү болушу зарыл
Фильм режиссера Темира Бирназарова Тунку кырсык (Ночная авария)  - Sputnik Кыргызстан
Абдыкалыков: режиссердун максатын түшүнүп, анан ролду өзүңчө алып чыксаң ал башка сөз. Бирок ал үчүн режиссер жана актер экөө тең билимдүү болушу зарыл

— "Түнкү кырсыкка" токтоло кетсек. Тасма эмне тууралуу?

— Негизи сүйүү темасы козголгон. Адам качан гана өзү ишенген, жан дүйнөсү жакын бирөөнү тапканда гана оңоло баштайт. Сүйүү бар жерде коом да, үй-бүлө да оңолот. Тасманын негизги темасы ушундай.

— Ролго кантип даярдандыңыз?

— Режиссердун айтканын жасап жаттым. Себеби актер баары бир жалпы кинонун бүтүндүгү боюнча үстүнөн карап, иштеген режиссерду угуш керек. Мен башкача ойнойм десең, анда режиссердун негизги максатын бузуп коёсуң. Режиссердун максатын түшүнүп, анан ролду өзүңчө алып чыксаң ал башка сөз. Бирок ал үчүн режиссер жана актер экөө тең билимдүү болушу зарыл.

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев"Түнкү кырсык" тасмасынын чыгармачыл тобуна ыраазычылык кат тапшыруу аземи
Вручение благодарственных писем творческой группе фильма Тунку кырсык - Sputnik Кыргызстан
"Түнкү кырсык" тасмасынын чыгармачыл тобуна ыраазычылык кат тапшыруу аземи

— Темир Бирназаров менен иштешүү кандай экен?

— Темир мени мурдагы "Белгисиз маршурт" тасмасына да чакырган. Бирок ал убакта башка жумушта иштеп жатып, катыша албай калгам. Бул жолу тасмага тартылууну туура көрдүм. Темир тапшырманы мыкты коёт. Ошол эле убакта актерго эркиндик да берет. Ал койгон тапшырманы жакшы аткарып бердим деген ойдомун. Турмуштук көз карашы, ой жүгүртүүсү олуттуу инсан. Экөөбүз бири-бирибизди жакшы түшүнгөндүктөн улам ушундай ийгиликтүү тасма жаралды.

Жаңылыктар түрмөгү
0