Айтматовдун чыгармалары боюнча балдардын сүрөт сынагы старт алды

© Sputnik / Табылды КадырбековБлаготворительная выставка "В мире красок" в Бишкеке
Благотворительная выставка В мире красок в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Cүрөт сынагына катышууга 8 жаштан 17 жашка чейинки өлкө аймагындагы бардык балдар чакырылат. Ага чет өлкөнүн өспүрүмдөрү да катышса болот.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча балдардын сүрөт сынагы старт алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Иш-чараны Билим берүү жана илим министрлиги "Балажан" эстетикалык тарбиялоо окуу-методикалык борбору менен биргеликте уюштурууда.

"Улуу жазуучунун 90 жылдыгына арналган эл аралык сүрөт сынагына катышууга 8 жаштан 17 жашка чейинки өлкө аймагындагы бардык балдар чакырылат. Ага чет өлкөнүн өспүрүмдөрү да катышса болот. Тандалып алынган сүрөттөр Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде өткөрүлө турган көргөзмөгө коюлат", — деп жазылат маалыматта.

Эмгектер 2018-жылдын 20-мартына чейин "Балажан" борбору тарабынан кабыл алынат.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сүрөттө калган элесин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрө аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0