Астанада өтчү фестивалга Кыргызстандан төрт тасма катышат

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалга жаш режиссерлор Касиет Кубанычбек кызы менен Бекинай Токтосунова студенттерден турган калыстар тобунун мүчөсү катары дагы чакырылган

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Казакстанда өтө турган "Ушкын" студенттик тасмалар фестивалына Кыргызстандан төрт фильм катышат. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондусунан билдиришти.

Иш-чара 22-24-февраль күндөрү Астана шаарында өтмөкчү.

Актер Акылбек Абдыкалыков Түнкү кырсык тасмасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Актер Абдыкалыков: бир тууганым Актан Арым Кубат экөөбүз кинодо акыл үйрөтүшпөйбүз
Калыстар тобу мугалимдерден, студенттерден жана кино сынчылардан турат.

Фестивалда Кыргызстандын атынан "Оймок" (режиссеру "Манас университетинин студенти "Касиет Кубанычбек кызы), "Киноман" (режиссеру "Манас университетинин студенти Аскар Нуракун уулу), "Манеж" (режиссеру Бүбүсара Бейшеналиеав атындагы окуу жайдын студенти Бекинай Токтосунова) жана "Калифорния" (режиссеру окуусун Бүбүсара Бейшеналиева атындагы окуу жайдан баштап, кийин Россиядагы Сергей Герасимов институтунда улантып жаткан Дастан Мадалбеков) тасмалары ат салышат.

"Бул фестивалга жаш режиссерлор Касиет Кубанычбек кызы менен Бекинай Токтосунова катышуучу гана эмес, студенттерден турган калыстар тобунун мүчөсү катары дагы чакырылган", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасы Таллин шаарында өткөн "Темные ночи" Эл аралык кинофестивалында утуп алган баш бейгеси февраль айынан башында Бишкекке алып келинди.

Жаңылыктар түрмөгү
0