БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада Кыргыз Эл Баатыры, кинорежиссер, жазуучу Дооронбек Садырбаевдин элесине арналган кече уюштурулат. Бул тууралуу аталган китепканадан кабарлашты.
Иш-чараны улай эле Дооронбек Садырбаев атындагы кайрымдуулук фонд тарабынан чыгарылган "Даанышман" аттуу беш томдук китептин бет ачары болот. Китепте Алыкул Осмонов тууралуу романдан тарта Садырбаевдин аңгеме, макала, публикацияларына чейин камтылган.
"Беш томдуктун бет ачарынан тышкары "..Баш урдум, тагдырлыгың танган жокмун, Майыштым, бирок сынып калган жокмун…" аттуу жазуучу, кинорежиссердун жашоо сүртүмдөрүн чагылдырган сүрөт көргөзмөсү да өтөт", — деп жазылат маалыматта.
Садырбаев 1939-жылы 13-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында жарык дүйнөгө келген.
Ал 1995-жылдан тартып көзү өткөнчө чейин (2008-жылын 28-май) Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты болгон.
Доор адамы Дооронбек Садырбаевдин сүрөттө калган элестерин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан көрө аласыздар.