"Ата керээзи" Индияда өткөн эл аралык кино фестивалда мыкты аталды

© Фото / Дастан Жапар уулуКыргызстандык режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Ата керээзи" тасмасынан кадр. Архив
Кыргызстандык режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун Ата керээзи тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасмада өмүр темасы жана атанын керээзин абдан кыйынчылык менен орундаткан уулдун окуясы баяндалат

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кыргызстандык режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Ата керээзи" тасмасы Индияда өткөн эл аралык Golden Triangle International Film Festival кинофестивалында мыкты аталды. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондусу билдирди.

Ага ылайык, маданий иш-чара Ориса штатынын Бхубанешвар шаарында 9-12-февралда өткөн.

Ата керээзи тасмасынын режиссерлордун бири Бакыт Мукулдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Бакыт Мукул: кыргыз тасмасы биринчи жолу Африкадагы сынакта баш байге утту
Аталган тасма буга чейин да бир катар эл аралык фестивалдарда жеңишке жеткен. Анын ичинде былтыр ноябрда Барселонадагы кинофестивалда тасманын тартуучулары мыкты режиссер аталышкан.

"Ата керээзи" "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы менен "Элфильм" кинокомпаниясы тарабынан тартылган. Анда өлүм, өмүр темасы жана атанын керээзин абдан кыйынчылык менен орундаткан уулдун окуясы баяндалат.

Аталган тасма былтыр "Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгында 8 номинацияда мыкты аталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0