Бишкекте Индия маданиятынын фестивалы өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие международного этнокарнавала "Иссык-Куль собирает друзей — 2017" в Бишкеке
Открытие международного этнокарнавала Иссык-Куль собирает друзей — 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 25-февралда "Достук" мейманканасында өтөт

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Борбор калаада индия маданиятынын фестивалы өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Кыргызстандагы Индиянын ден соолукту чыңдоочу жана окутуу борборунан кабарлашты.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара 25-февралда "Достук" мейманканасында өтөт.

"Бул күнү каалоочуларга индия бийи жана ырлары үйрөтүлөт. Ошондой эле туура тамактануу, йога боюнча да атайын сабактар өтүлөт", — деп уюштуруучулар билдиришти.

Фестиваль 10:00дөн 14:00гө чейин уланат. Кирүү акысыз.

Буга чейин аталган борбор англис тилин акысыз үйрөтө турганын жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0