Ырчы Анара Шаимкулованын архивдик сүрөтү

"Кыз-жигит Сармерден" долбооруна шайыр жеңе болуп Анара Шаимкулова тандалды

(жаңыланган 23:16 20.02.2018)
Кастингге 30га чукул ырчы кыз-келин катышкан

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. "Кыз-жигит Сармерден" долбооруна шайыр жеңе болуп ырчы Анара Шаимкулова тандалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине долбоордун продюсери Сагын Ниязалиева маалымдады.

Анын айтымында, кастингге 30га чукул ырчы кыз-келин катышкан.

"Шайыр жеңени тандоого атайын калыстар тобу түзүлгөн. Алардын арасында Гүлсүн Мамашева, Адылбек Кыязов, Шахра Талипова сыяктуу Эл артисттери, маданият каналынын жетекчилиги да болду. Кастингге катышкан кыздар үч турдан өтүп, соңунда ырчы Анара Шаимкулованы тандап алдык. Ал комузда кол ойнотуп, өзүн сахнада эркин алып, жакшы сүйлөгөндүгү менен шайыр жеңенин ордуна татыктуу деп тандалды", — деди Ниязалиева.

Ал ошондой эле "Сармердендин" быйылкы сезону Нооруз майрамына карата даяр болуп каларын кошумчалады.

Анара Шаимкулова кыргыз фольклордук ырчылардын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, комуздун коштоосунда "Насыйкат" баш болгон кыргыздын бир катар чыгармаларынын ажарын ачкан өнөр ээси. 

Белгилей кетсек, буга чейин  шайыр жеңе Гүлбү Ороcкул кызы былтыр октябрь айында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Ал эми ага чейинки шайыр жеңе Гүлзат Батырканова 2015-жылдын башында жол кырсыгынан бул дүйнө менен кош айтышкан.

"Кыз-жигит Сармерден" теледолбоору 2012-жылдан бери көрсөтүлүп келет. Былтыр долбоор 5 жылдык мааракесин белгилеген.

Белгилер:
сармерден, кастинг, Анара Шаимкулова, Кыргызстан
Тема боюнча
Назира Аалы кызы: кээде саясий амбициялар козголуп кетет

Улуттук банк Жусуп Баласагын тууралуу ролик тартты. Видео

(жаңыланган 00:31 22.04.2021)
Кыргызстандын Улуттук банкы Facebook социалдык тармагына улуу ойчул Жусуп Баласагын тууралуу ролик жарыялады.

Актёрлор Марат Алышпаев жана Назым Мендебаиров роль жараткан роликтин режиссёру Руслан Акун.

Сценарий боюнча Жусуп Баласагынды хандын алдына чакырышат. Ал жерде чогулгандардын бардыгы ханга перс тилинде сүйлөп, кылыч белек кылып жаткан болот.
Баласагындын хан алдында жалтанбай туруп кыргыз тилинде сүйлөгөнү ал жердегилерге жакпайт.

Ошондо ойчул башчыга кайрылып, “Элим өз тилинде жазып, билимин өркүндөтсө дейм” деп жооп берет. Аны мындай сөздөрүнөн кийин хан башкы кеңешчиси кылып шайлап коёт.

Улуу ойчул, акын, саясат таануучу, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагын 1015-жылы, айрым маалыматтар боюнча 1016-жылы Карахандар каганатындагы Чүй өрөөнүнүн чыгышындагы азыркы Токмок шаарына жакын жерде жайгашкан биринчи борбору — Баласагын шаарында туулган.

1069-1070-жылдары Жусуп Баласагын жазган түрк тилиндеги "Кутадгу билиг" ("Куттуу билим") эмгеги дүйнөнүн көп тилдерине которулган.
Азыркы учурда Жусуптун "Кутадгу билиг" поэмасынын үч нускасы сакталып турат. Бир нускасы Вена шаарында (Австрия) сакталуу. Египеттин борбору Каир шаарында сакталып турган экинчи нуска 1986-ж. табылган.

Ал эми Намангандан табылган үчүнчү нускасы азыр белгилүү болгон нускалардын эң толугу болуп эсептелинет. Эстеликтин үчүнчү нускасы азыр Өзбекстан илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун кол жазмалар фондунда сакталууда. Наманган жана Каир шаарларынан табылган нускалар араб ариби менен жазылган.

Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат.

Белгилер:
ролик, Жусуп Баласагын, Улуттук банк, Кыргызстан
Тема боюнча
Нөшөрлөгөн жаанга карабай Саякбайды уккан эл. Улуттук банктын видеосу
Кер мурут жигит Сүймөнкул Чокморов. Улуттук банктын улуу инсан тууралуу видеосу

Согуштун балдары. Океев, Жакиев жана Байжиевдин таберик сүрөтү

(жаңыланган 18:41 21.04.2021)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Байбичеси Жумаш Өмүрова жана кызы Азиза Океева менен турган СССРдин эл артисти, белгилүү режиссер Төлөмүш Океев менен Кыргыз эл баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев жана КРдин эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин сүрөтү 1995-жылы Бишкек шаарында тартылган
© Sputnik / Александр Федоров

Байбичеси Жумаш Өмүрова жана кызы Азиза Океева менен турган СССРдин эл артисти, белгилүү режиссер Төлөмүш Океев менен Кыргыз эл баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев жана КРдин эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин сүрөтү 1995-жылы Бишкек шаарында тартылган.

Ал жылы Океевдин 60 жылдыгы белгиленип, кинематографисттин жакындары, кесиптештери Опера жана балет театрына чогулган эле.

Ошол кезеңди сценарист Мар Байжиев мындайча эскерди.

"Төлөмүш менен Бексултан бир айылда чогуу окушкан, үчөөбүз тең согуштан кийинки балдарбыз. Жакиев экөөбүз филология факультетинде бирге билим алдык. Мен орус, ал кыргыз бөлүмүндө студент болчу. Кийин Океев Ленинграддагы Киноинженерлер институтунун электротехникалык факультетинин үн режиссёр адистигин бүтүрүп келгенде мен "Кыргызфильмде" редактор болчумун. Ал жылдары бирге иштешип, кеңешип иш кылып жүрдүк. Анткени ал жылдары бизде көпчүлүк кыргыз кинолорун еврейлер, орустар тартышчу. Нуртай Борбиев, Геннадий Базаров, Болот Шамшиевдер жаңыдан жогорку окуу жайды бүтүп келе башташкан. Жаштар кыргыз эли кандай таланттуу, акылман эл экенин көрсөткүбүз келип бири-бирибиз менен тыгыз иштешип, ата мекендик кинематографияны дүйнөлүк деңгээлге чыгаруунун көздөчүбүз", — деди драматург.

Байжиев чыгармачылыгында Океевдин "Ак илбирстин тукуму", "Алтын күз" кинофильминин, Бексултан Жакиев "Мурасынын" сценарийин жазган.

1995-жылы Төлөмүш Океев Кыргызстандын Түркиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп турган.

Белгилер:
таберик сүрөт, Бексултан Жакиев, Мар Байжиев, Төлөмүш Океев, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
Чокморовдун ден соолугун алган "Караш-Караш окуясы". Таберик сүрөт
Кыргыз окумуштууларынын Бакайы — Юдахин шакирттери менен. Таберик сүрөт
Якутияда бугу издеген Болот Шамшиев, Жолон Мамытов, Айтурган Темирова. Таберик сүрөт
Туристтер аэропортто. Архив

Көкөй кескен COVID: Кыргызстанга келем деген турист көп, бирок батынбай жатышат

(жаңыланган 16:05 22.04.2021)
Келе жаткан жайда туризм тармагын калыбына келтирүү үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканын Туризм департаментинен айтып беришти.

Өткөн жылы коронавирус пандемиясынан улам чек аралар жабылып, башка тармактар сыяктуу эле туризм дагы ири чыгымга учураган.

Албетте, бардыгы калыбына келе жатат деп айтууга эрте. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда дагы COVID-19 кайрадан кулачын жая баштады.

Эки анжы болуп турган мындай учурда туризм кайсы багытта кетип, жаңы жагдайга ылайыкташуу үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканын Sputnik редакциясына Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинен айтып беришти.

Электрондук сертификаттар

Азыр туристтер Кыргызстанга чет элдиктер үчүн ушул жылдын январь айында иштелип чыккан алгоритмдин негизинде кирип-чыгып жатышат. Тагыраагы, ар бир жүргүнчү ПЦР-тесттин таза деген жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Учакта атайын анкеталар таратылып, аларды жүргүнчүлөр толтуруп, санитардык-карантиндик түйүндүн кызматкерлерине көрсөтүшү шарт.

Бирок жакында туристтерге "Коопсуз саякат" (Safe travel) электрондук сертификаты бериле баштай турганын Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.

Заведующая отделом правового обеспечения, лицензионного контроля и организационной работы Департамента информации и массовых коммуникаций при Министерстве культуры, информации и туризма Кыял Кенжематова
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова
"Дүйнө жүзүндө коронавируска каршы эмдөө башталып, учурда чет элдиктер Кыргызстанга вакцина алгандыгы тууралуу сертификат менен кирсек болобу деп кызыгып жатышат. Андыктан эрежелерди бир аз өзгөртүп, электрондук сертификат киргизгени жатабыз. Ал аркылуу адамдын эмделгени тууралуу маалымат алсак болот", — деди Кенжематова.

Визасыз режим

Тышкы иштер министрлиги туризм тармагын өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга тогуз өлкөнүн жарандарын 60 күнгө чейин визасыз режим менен киргизүүнү демилгелеп, документ парламентте биринчи окууда каралды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга 53 өлкөнүн жарандары визасыз кире алса, эми бул тизмеге Албания, Болгария, Вьетнам, Израиль, Кипр, Македония, Румыния, Таиланд жана Мексиканы кошуу сунушталууда.

Автоунааларга уруксат берүү

Туризм департаментинен билдиришкендей, учурда Кыргызстанга автоунаа менен 33 өлкөнүн жарандары кире алат. Калгандары чек араны учак менен гана басып өтүшү керек. Ошол себептүү бул тизмени дагы кеңейтүү маселеси каралып жатат.

"Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан мамлекеттеринде алыскы чет өлкөлөрдөн, анын ичинен Европадан келген туристтер көп. Изилдеп көрсөк, алар Борбордук Азияга келген соң бир эле өлкө менен чектелбей бир нечесин кыдыргысы келет экен. Арасында Кыргызстанга келүүнү каалагандар көп. Бирок ушу турган жерден автоунаа менен кире албай жатышат", — деди департамент өкүлү Кенжематова.

Аба каттамдары

Туризмди илгерилеттүү үчүн Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна аптасына бир иреттен Россиянын Ростов-на-Дону, Санкт-Петербург, Москва, Екатеринбург, Уфа жана Новосибирск шаарларынан чартердик каттамдар жасалууда.

Туризм департаментинен башка өлкөлөр менен байланышты күчөтүү үчүн Jazeera Airways, Wizz Air жана TMG авиакомпаниялары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн айтышты.

Завотделом правового обеспечения Департамента Минкультуры КР Кыял Кенжематова
© Sputnik / Азамат Тотубаев
Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова
"Бардыгы Кыргызстанга каттоого даяр, болгону дүйнөдөгү эпидемиологиялык абал тоскоолдук жаратууда. Jazeera Airways компаниясы Эль-Кувейт — Бишкек — Эль-Кувейт каттамын,  Wizz Air авиакомпаниясы Бишкек —  Будапешт —  Бишкек, Бишкек — Абу-Даби — Будапешт — Бишкек каттамдарын аткарууга, TMG компаниясы Түштүк Кореядан туристтерди алып келүүгө макул болгон", — деди департамент жетекчисинин орун басары.

Чет элдиктер Кыргызстанга келүүнү каалайбы?

Кыргыз туроператорлор ассоциациясы Кыргызстанга алыскы чет өлкөлөрдөн туристтерди тартуу менен алектенет. Анын аткаруучу директору Нурбек Сапаровдун айтымында, чет элдиктер Кыргызстанга келүүдөн чочулап турушат.

Директор Кыргызской ассоциации туроператоров Нурбек Сапаров на брифинге в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан.
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Кыргыз туроператорлор ассоциациясы директору Нурбек Сапаров
"Былтыркыга салыштырмалуу бир аз бар. Ишкерлер бир айда бир группа болсо, ошого ыраазы болуп жатышат. Көпчүлүк чет элдиктер алдын ала жолдомо алганга батынбай турушат. Бүгүн алып алса, эртең чек араны жаап койсо кандай болот деген маселе баарын түйшөлтүүдө", — деди Сапаров.

Ал эми Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийине эс алуучулардын басымдуу бөлүгү коңшу өлкөлөрдөн жана Россиядан келишет. Мекеменин директору Лира Батырбекова кыш айларында туристтер көп болгону менен март, апрель айында эл азайып калганын айтат.

Күндүзгү стационардагы медицина кызматкери. Архив
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
"Орозо айына байланыштуубу же эпидемиологиялык абал таасир этип жатабы, айтор, азыр коноктор азайып калды. Биздин кардарларыбыздын негизги бөлүгү болуп эсептелген россиялыктар дагы кызыгып сурап, бирок ошол бойдон эле токтоп калып жатышат. Жакында Екатеринбургда өткөн туристтик жарманкеге биздин өкүл барып келди. Кызыккандар абдан көп. Анткен менен эпидемиологиялык абал көкөйдү кесип турат", — деди директор.

Буга чейин өкмөттөн мурдагыдай катаал чектөөлөр азырынча киргизилбесин, бирок коомдук жайларда, эл көп топтолгон жерлерде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук нормалары күчөтүлөрүн айтып келишкен.

Анткен менен 22-апрель күнү Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда коронавирустун төрт — "британиялык", "түштүк африкалык", "индиялык" жана "россиялык" штаммы аныкталганын билдирди.

Белгилер:
коронавирус, алгоритм, каттам, аракет, пандемия, туризм, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстандын өкүлдөрү Екатеринбургдагы туристтик көргөзмөгө катышты
Айла кеткенде... Европадагы өлкө ар бир туристке 200 евро төлөп берүүгө даяр