Назаренко кыргызча обон созгон "Дарак ырынын" саундтреги жарыкка чыкты

Жазылуу
"Дарак ыры" алгачкы кыргыз мюзиклинин саундтреги жарыкка чыкты. Аталган ролик кино жаратуучулардын Facebook тармагындагы Central Asia Film баракчасына жайгаштырылган.

Ырдын сөзү акын Бактыгүл Чотуровага, музыкасы Жолдош Апасовго таандык. Аны "Город 312" тобунун солисти Ая (Светлана Назаренко)  менен КР Эмгек сиңирген артисти Жылдыз Осмоналиева экөө аткарган.

Заслуженный артист КР Темирлан Сманбеков - Sputnik Кыргызстан
Темирлан Сманбеков: балдарымдын бири да жолумду жолдогон жок
Ырчылар кыргыз тилинде ырдашып, клипти тартуу иштери Игорь Матвиенконун Москвадагы студиясында жүргүзүлгөн.

"Дарак ыры" кыргыз киносунун тарыхында биринчи ирет кыргыз тилинде тартылган мюзикл. Ал турмушта болгон чыныгы окуяга негизделген.

Ал эми мюзикл кандай тартылганын, кандай кыйынчылыктар менен күтүлбөгөн окуялардын болгону туурасында тасманын авторлору Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0