Маданият министри: мыкты чыгарма үчүн миллион сомдук сынак жарыяланат

© Sputnik / Расул УсеналиевБывший директор ОТРК Султан Жумагулов
Бывший директор ОТРК Султан Жумагулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумагулов министрликтеги жана анын карамагындагы мекемелерде бири-бирин кайталаган кызматтар жоюларын айтты

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов министрликтин коллегиялык жыйынында театрлардын репертуарын жаңылап, азыркы кыргыздын жана анын жашоо образын көрсөтүү менен күйөрмандарды театрга тартуу керектигин айтты.

Ошондой эле театрларды башкарууда заманбап менеджмент керектигин кошумчалады.

Жумагулов кызыктуу чыгармалар үчүн байгеси бир миллион сом болгон конкурс жарыялана турганын белгиледи.

"Кызыктуу чыгармалар үчүн байгеси бир миллион сомдук сынак жарыялоону пландап жатабыз. Конкурстун жобосу жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат", — деди министр.

Гендиректор Общественной телерадиокорпорации Султан Жумагулов - Sputnik Кыргызстан
Султан Жумагулов тууралуу кызыктуу 7 факты
Коллегиялык жыйында Жумагулов маданият системасында олуттуу өзгөрүү менен жаңылануу болорун, бири-бирин кайталаган кызматтар жоюларын айтты. Андан сырткары министрлик учредитель болгон райондук гезиттерди кагаздан электрондук версияга — интернетке өткөрүү иштери жүрүп жатканын маалымдады. Ал үчүн тийиштүү нормативдик-укуктук актылар иштелип чыкмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0