Көл жээгиндеги Сабира Күмүшалиева менен Болот Шамшиев. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Праздник велосипеда - Sputnik Кыргызстан
Дасторкон үстүндөгү Болот Шамшиев жана Айтурган Темирова. Таберик сүрөт
СССРдин эл артисти, кинорежиссер Болот Шамшиев менен Кыргыз ССРинин эл артисти Сабира Күмүшалиеванын сүрөтү 1972-жылы Ысык-Көл облусунда тартылган.

Ошол жылы актриса бир нече көркөм фильмде роль жаратса, Шамшиев 1971-жылы жараткан "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасы менен эл аралык фестивалдарга катышкан.

Ал учурду Болот Шамшиев мындайча эскерет.

"Жайында Москвадан "Советтик Союз" журналынан кабарчылар келген. Ошондо Сабира Күмүшалиева экөөбүз алар менен Ысык-Көлгө барганбыз. Көл жээгинде бизди сүрөткө тартып, интервью алышкан. Союз маалында негизи маданиятка кам көрүп, ал-абалыбызды сурап турушчу. Азыркыдай унутта калчу эмеспиз", — деди Шамшиев.

Кийин чыгармачыл инсандар "Ак кеме", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан" өңдүү тасмаларда чогуу эмгектенишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0