Кыргызстандык бийчилердин видеосу 140 миллион жолу көрүлдү

Жазылуу
Бийчилер өнөрүн көрсөткөндөн кийин эле калыстар тобу аларга "Алтын баскычты" тапшырган.

Кыргызстандык Adem Dance тобунун Dancers GotTalent сынагындагы видеосун Facebook социалдык тармагынан 140 миллион адам көрдү.

Международный турнир по спортивным бальным танцам в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Алтын, күмүш, коло. Кыргызстандык балдар эл аралык мелдештен олжолуу кайтышты
Алар биринчи жолу ушул шоудон өнөрүн көрсөтүшкөн. Mortal Combat оюнун чагылдырган номери менен жарым финалга өтүп, "Алтын баскычка" ээ болушкан. Жарым финалда балдар музейди тоноо боюнча номер тартуулап, калыстардын оозун ачырган.

Экинчи сезондо жеңүүчүлөр калыстар менен көрүүчүлөрдүн берген добушунун негизинде тандалган.

Сынактын жыйынтыгында негизги байгени "Каргышка калган Рианна" деген лакап ат менен чыккан кыз утуп, Adem Dance 6 финалисттин катарына кирген.

Asia's Got Talent — америкалык America's Got Talent сынагынын аналогу. Ал Азиянын 15 мамлекетинин арасында өткөрүлөт. Шоунун сыйлык фондусу 100 миң долларды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0