Кыргыз драма театрын Асылбек Өзүбеков жетектей турган болду

© Sputnik / Табылды КадырбековАртист театра и кино, Народный артист Кыргызстана Асылбек Озубеков
Артист театра и кино, Народный артист Кыргызстана Асылбек Озубеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Театрдын мурдагы жетекчиси Назым Мендебаиров ушул эле жайдын көркөм жетекчиси болуп дайындалды

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына директор болуп КРдин эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбеков дайындалды. Бул маалыматты Маданият, маалымат жана туризм министрлигин басма сөз кызматынан тастыкташты.

"Театрдын жамаатына жаңы директорду маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов тааныштырып келди", — дешти маалымат кызматынан.

Театрдын мурдагы жетекчиси Назым Мендебаиров ушул эле жайдын көркөм жетекчиси болуп дайындалгандыгы айтылды.

Өзүбеков эмгек келишимдин негизинде дайындалганы, эгерде бир жылдын ичинде өзүн мыкты жетекчи катары көрсөтүп, ийгиликтерди жаратса, келишим кийинки жылга узарары айтылган.  

Жаңы жетекчи Асылбек Өзүбеков мындан бир нече күн мурда 60 жашка чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0