Жарасбай манап токолу менен. Улуу талант Советбек Жумадыловдун таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Тренер сборной команды молодежи Киргизии Сарыгул Чекиров и вьетнамские спортсмены - Sputnik Кыргызстан
Сариев, Турганбаев баштаган балбандарды таптаган Чекиров. Таберик сүрөт
Атактуу актер Совет Жумадылов менен казак актрисасы Гүлжамал Батыргалиевнын сүрөтү 1968-жылы тартылган.

Ал жылы режиссер Болот Шамшиев Муктар Ауэзовдун чыгармасынын негизинде "Караш-караш окуясы" фильмин жараткан. Ага Сүймөнкүл Чокморов, Советбек Жумадылов, Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Сабира Күмүшалиева жана казак актерлору катышкан.

Ошол тасмада роль аткарган Кыргыз ССРинин эл артисти Жамал Сейдакматова ошол учурду мындайча эскерет.

"Жумадыловдун байбичесинин ролун Бакен Кыдыкеева, Чокморовдун аялынын образын мен жараткам. Советбек Жумадылов Жарасбай манаптын, ал эми артында турган казак актриса анын токолун ойногон. Фильмдин үстүнөн иштегендер боз үйдө жашап 3-4 айда бүтүргөнбүз. "Караш-караш окуясы" көрүүчүлөргө сунушталганда казактар бизге аябай таң калган. Казак жазуучусу Ауэзовдун чыгармасын кыргыздар кино кылып тартканына суктанышкан", — деп эскерет актриса.

Көптөгөн эл аралык кинофестивалдарды багындырган тасманы жаратуу иштеринин көпчүлүгү Жети-Өгүздөгү капчыгайда жана Казакстандын Кордайында өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0