Атасын ыйлаткан Самара Токтакунова. Залкар комузчу тууралуу 6 факты

© Sputnik / Жоомарт УраимовНародный артист СССР Самара Токтакунова
Народный артист СССР Самара Токтакунова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн белгилүү комузчу, СССРдин эл артисти Самара Токтакунованын туулган күнү.

Кыргыздын улуттук аспабын аздектеп чертип, аны дүйнө жүзүнө тааныткан инсан 74 жашка толду. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги тубаса талант ээсинин өмүрү жана чыгармачылыгындагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Музыкага бөлөнгөн балалык. Белгилүү комузчу Самара Токтакунова 1945-жылы 9-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган. Анын атасы комузда, энеси ооз комузда мыкты ойногон. Мындан улам алар секелек кыздын музыканы тандап, чыгармачылыкка кадам таштоосуна себепчи болушкан. Айылдагы мектепти аяктагандан кийин өспүрүмдү апасы Фрунзедеги музыкалык училищеге комуз бөлүмүнө тапшырткан. 

© Фото / из личного архива Самары ТоктакуновойСССРдин эл артисти Самара Токтакунова 56 жыл оркестрде комуз ойногон
Атасын ыйлаткан Самара Токтакунова. Залкар комузчу тууралуу 6 факты - Sputnik Кыргызстан
СССРдин эл артисти Самара Токтакунова 56 жыл оркестрде комуз ойногон

Залкарлардын күүсү… Борбор калаадагы окуу жайдын 1-курсун аяктагандан кийин 15 жашынан тарта кесиби боюнча иштей баштаган. Токтогул Сатылганов, Ыбрай Туманов, Карамолдо Орозов, Муратаалы Күреңкеев, Атай Огомбаев, Шекербек Шеркулов өңдү залкарлардын күүлөрүн чертип, көпчүлүктүн купулуна толуп таанылган.

Ата тилегин орундаткан кыз. Комузчунун атасы Токтакун кызынын "Сынган бугуну" чертсе экен деген аруу тилеги болгон. Жаш талант кийин ал күүнү үч күн үйрөнүп, бир ай машыгып жолдошу менен төркүнүнө черткени барат. Үйдөгүлөр кошуналарын чакырып, дасторкон жайып ал күүнү алма бакта отуруп алып угушат. Ошондо атасы "садага болоюн, сен нан таап жегенге жарап, чоң артист болгон турбайсыңбы, эми өлсөм ыраазымын" деп ыйлаган жайы бар. 

© Фото / из личного архива Самары ТоктакуновойСамара Токтакунова жолдошу Чалагыз Исабаев менен 26 жыл бирге өмүр сүргөн
Атасын ыйлаткан Самара Токтакунова. Залкар комузчу тууралуу 6 факты - Sputnik Кыргызстан
Самара Токтакунова жолдошу Чалагыз Исабаев менен 26 жыл бирге өмүр сүргөн

Кош жылдыз. Окуу жайды аяктагандан кийин "Камбаркан" фольклордук тобунун түптөөчүсү Чалагыз Исабаевге турмушка чыгат. Бири-бирин аздектеп жашаган түгөйлөр 26 жыл бирге өмүр сүрүп, чыгармачылыкта бири-бирине жөлөк болушкан. 1991-жылы Чалагыз Исабаев жол кырсыгынан көз жумган. Жубайлар эки уулду татыктуу тарбиялап, бир баласы Актан Исабаев эстрада жанрында ырчы-аткаруучу, Аслан Исабаев АКШда скрипка боюнча сабак берип эмгектенет.

45 жылдан бери чертилген жалгыз комуз. Үчүнчү даражадагы "Манас" орденин жана "Даңк" медалынын ээси 56 жыл оркестрде ойноп, 1972-жылдан бери бир комузду чертип келет. СССРдин эл артисти чыгармачылыгынын аркасында дүйнөнү түрө кыдырган. Түрдүү эл аралык сынактарга катышып, концерт коюп КМШ өлкөлөрүнөн сырткары, Вьетнам, Швейцария, Монголия, Түркия, Куба, АКШ, Канада, Кытай, Финляндия, Египет, Япония, Дания, Мексика, Белгия, Германия, Норвегия, Голландия, Францияга чейин барган. 

© Фото / из личного архива Самары ТоктакуновойТоктогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты 38 жылдан бери жаш таланттарды тарбиялап келет
Атасын ыйлаткан Самара Токтакунова. Залкар комузчу тууралуу 6 факты - Sputnik Кыргызстан
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты 38 жылдан бери жаш таланттарды тарбиялап келет

Чарчабаган профессор. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты азыр дагы Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда мугалим болуп иштейт. Профессор 38 жылдан бери окутуучулук менен алектенип, бир топ шакирттерди тарбиялаган. Алардын алды өлкөнүн эмгек сиңирген артисти болсо, арты маданияттын мыкты кызматкери, эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү болгонго чейин жетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0