Ырчылардын ыры менен чыры! Филармония Ноорузду майрамдайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Кыргызской национальной филармонии им. Т. Сатылганова
Здание Кыргызской национальной филармонии им. Т. Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара Нооруз майрамына карата 20-21-март күндөрү улуттук филармониянын чоң залында уюштурулат.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын жамааты "Ырчылардын ыры менен чыры" аттуу өзгөчө программадагы концертин тартуулайт. Бул тууралуу филармониянын адабий бөлүмүнүн башчысы Улан Зайнидин уулу билдирди.

Анын айтымында, иш-чара Нооруз майрамына карата 20-21-март күндөрү улуттук филармониянын чоң залында уюштурулат.

"Улустун улуу күнүндө филармония жамааты элге ыр-майрам тартуулабай койсо болбойт да. Концертте ырчылардын сахна артындагы жашоосу театрлаштырылып көрсөтүлүп, Эл артисттери, эмгек сиңирген артисттердин жагымдуу ырлары тартууланат", — деди Зайнидин уулу.

Концерт кечки саат 18:30да башталат.

Нооруз майрамына карата Ош шаардык мэриясы да кароо-сынак жарыялаган. Шарт-талабы бул жакта.

Жаңылыктар түрмөгү
0