Акындар Жеңишгүл Өзүбекова менен Элмира Ажыканованын ыр кечеси өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызские национальные музыкальные инструменты — комуз
Кыргызские национальные музыкальные инструменты — комуз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акындардын ыр кечелерин өткөрүү салтка айланып бара жатат

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргыз улуттук филармониясында таанымал акындар Жеңишгүл Өзүбекова менен Элмира Ажыканованын ыр кечеси өтөт. Бул туурасында Роза Отунбаеванын эл аралык коомдук фондусунан билдиришти.

Акын, драматург, жазуучу Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, кыргыз телесериалдарынын негиздөөчүсү Жеңишгүл Өзүбекованын ырлары мезгилдүү басма сөздө 1986-жылдан бери жарык көрө баштаган. Ал "Жан сырым", "Апамдын махабаты", "Сыңар сөйкө", "Эң биринчи сүйгөнүм", "Бийиктик" аттуу чыгармалары менен кыргыз элине таанымал. Ошондой эле анын "Апамдын махабаты", "Күйөө сатам", "Толгоо", "Саргарган күндөлүк", "Торгой үнү", "Бүтпөгөн драма" сыяктуу чыгармалары сахналаштырылган.

Писатель-прозаик, поэт и общественный деятель Салижан Жигитов - Sputnik Кыргызстан
Биз үчүн терек күүсүн эшиткен... Салижан Жигитовдун көзү өткөнүнө 12 жыл болду
Анын эл ичинде кеңири ырдалып жүргөн "Көл жана апам", "Күкүк", "Кечирип кой" ырларына бир тууганы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу, ырчы, Асылбек Өзүбеков обон жаратып, аткарып жүрөт.

Махмуд Кашкари атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты (2008-ж.) Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси, Маданияттын мыкты кызматкери, Кыргыз телерадиосунун отличниги Элмира Ажыканова 1993-жылдан бери Коомдук телерадио корпорациясынын Кыргыз радиосунда эмгектенип келет. "Сүйүү жөнүндө жүз сап" конкурсуна катышып биринчи орунду ээлеген. Ажыканованын "Көгүш гүлдөр" (2007-ж.) ырлар жыйнагы, "Жан маанай" (2017-ж.) ырлар жана аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.

Ыр кече 2018-жылдын 16-мартында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0