Саламат Садыкова: эки кишинин өлүмүнөн кийин көп ойлончу болдум

© Sputnik / Табылды КадырбековНародная артистка Кыргызстана Саламат Садыкова
Народная артистка Кыргызстана Саламат Садыкова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым белгилүү адамдар менен маектешүү алдында көпкө түйшөлөсүң. Анткени алар тууралуу эл ийне-жибине чейин билет. Эмнени сурайм, окурманга жаңы эмнени алып чыгып берем деген ой сарсанаа кылат.

Эл артисти Саламат Садыкова дагы ошондой адамдардын катарында. Бирок бүгүн аны редакциябызга чакырып, маектешүүгө жакшы себеп пайда болду.

Саламат айым ушул тапта юбилейлик концерт өткөрөм деп буту-бутуна тийбей даярданып жүргөн кези. Ага карабай Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясына баш багып, алдыдагы иш-чарага даярдыгы, чыгармачылык түйшүк, аялдык бакыт жөнүндө кенен маек куруп берди.

— Концерт уюштуруунун түйшүгү көп эмеспи, акыркы күндөрү уйкуңуз качып калса керек?

— Азыркы заманда кече өткөрүү кыйын, ошол үчүн жакшы болор бекен деп көпкө ойлондум. Анткени мен кечке эле 60ка чыга бербейм да. Бир келген юбилейлик кечени жогорку деңгээлде, элдин эсинде кала тургандай кылып өткөрүү керек. Анүстүнө эл деле күтүп калды, көптөн бери концерт өткөрө элекмин. Азыр даярдык жүрүп жатат, өзүм иштеген Улуттук филармониянын жетекчилиги, эмгек жамаатыбыз, кыз-күйөөм жардам берүүдө. Концерттик программамдын жетекчиси — Алтынбек Максутов.

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламат Садыкова: кечке эле 60ка чыга бербейм да, юбилейлик кечени жогорку деңгээлде өткөрүшүм керек
Праздничный концерт на площади Ала-Тоо в честь 25-летия независимости Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Саламат Садыкова: кечке эле 60ка чыга бербейм да, юбилейлик кечени жогорку деңгээлде өткөрүшүм керек

— Сахнадан 40 жыл бою түшпөй жүрүү үчүн таланттан тышкары эмне керек?

— 40 жыл ичинде башымдан эмнелер гана өткөн жок. Кубаныч, күлкү, муң, таарыныч… Мунун баарынан татыктуу өтүүгө кайрат, эрк жана жүүнүң бекем болушу керек. Мындан тышкары, аялзатына чыдамкайлык өтө зарыл. Казак акыны Мукагали Макатаевдин "Чыда, чыда" деген ырын жакында ырдап чыгам. Анын саптарында дал эле менин тагдырым жазылып калгандай экен.

— Кепти жеке турмуш жагына бурсак. Неберелериңиз чоңоюп, сиз менен сырдаш болуп калса керек?

Заслуженный артист КР Темирлан Сманбеков - Sputnik Кыргызстан
Темирлан Сманбеков: балдарымдын бири да жолумду жолдогон жок
— Кыргыз негизи жалгыз өткөн калк эмес да. Ар дайым урпагыбыз көп болсо экен деп бала, небере дегенде эт-бетибизден кетебиз. Кыздарымды кичине кезинде курсагы ток, кийими бүтүн, эл ортосу кылып бактым. Бирок жетиштүү мээрим төгө албай калдымбы деп көп ойлоном. Албетте мерездигимден эмес, чыгармачылыгыма байланыштуу кыздарымды үйдө жалгыз таштап кеткен учурлар көп болду. Азыр эми неберелерге келгенде жүрөгүм зыркырап, ата-энесине жакшы карагыла деп какшай берем. Улуу неберем Сайкал менин колумда чоңойду, кичинесинен баштап энциклопедия китептерди белекке берип жүрдүм. Азыр аябай зээндүү кыз, кеңешип-кептешкенге жарап калды.

— Бала демекчи, өзүңүздүн балалыкты эстегенде көз алдыңызга алгач кайсы ирмемдер тартылат?

— Албетте Баткендин гүлзарлуу айылы эске келет. Гармония бар жерде, жакшы эненин акыл-насаатын угуп чоңойсоң, балалыгың жомоктой эле керемет, бирок кайра кол жеткис ирмемдер болуп кала берет экен. Ал эми окуучулук, шоктук күндөрдөн орозо маалында классташтар менен мектептен оозубузду ачып алган учур эстен кетпейт. Мектептин жанында кичинекей дүкөн болор эле. Печеньелердин түрүн, ирис момпосуйларды сатчу. Ага кирдик дагы таттуулардан сатып алдык. Мектептин ары жагындагы жарлуу жерге жашынып отуруп, оозубузду ачып салдык. Сабакка бир аз кечигип кирсек, мугалим карап туруп эле "тамак жеп келиптирсиңер" деп билип койгон. Биз кыйын болуп бир нерсени жашырабыз дегенибиз менен мугалимдер кыраакы болот экен да.

© Фото / из личного архива Саламат СадыковойКыздары Кундуз жана Махабат менен
Народная артистка Кыргызстана Саламат Садыкова - Sputnik Кыргызстан
Кыздары Кундуз жана Махабат менен

— Кыздарыңыздын бири Кундуз Авашова дагы чыгармачыл чөйрөгө аралашып жүрөт, аны тааныйбыз. Экинчи кызыңыз жөнүндө айтып бербейсизби?

— Экинчи кызым Махабат өз жолун, бактысын чет өлкөдөн издеп кеткен. Дубайда иштеп жүрүп, шотландиялык жигитке турмушка чыккан. Азыр экөө Таиландда жашап, иштешет. Күйөө баланын кесиби — юрист. Кундуз кызым өзүңөр айткандай чыгармачылыкта жүрөт. Бирок үй-бүлөлүк турмушту дагы унутта калтырган жок. Жолдошу Кубаныч (Ырчы Кубаныч Сатаев — ред.) экөө төрт баланын ата-энеси болуп отурат.

— Телефондон кулакчын менен музыка угасызбы?

— Кээ бир гана учурларда.

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламат Садыкова: сахнадан 40 жыл түшпөш үчүн кайрат, эрк жана чыдамкайлык керек
Народная артистка Кыргызстана Саламат Садыкова - Sputnik Кыргызстан
Саламат Садыкова: сахнадан 40 жыл түшпөш үчүн кайрат, эрк жана чыдамкайлык керек

— Негизи кандай чыгармаларды угасыз?

Заслуженный деятель культуры, диктор Гульшан Молдоева - Sputnik Кыргызстан
Гүлшан Молдоева: "Арноо концертинен" кетем деп көп ирет түйүнчөгүмдү түйгөм
— Эмнеге экенин билбейм, бирок өз чыгармаларымды укпайм. Андан көрө француз ырчысы Эдит Пиаф, кытайлык Тереза Тенг, араб өлкөлөрүнөн чыккан Умм Кульсум сыяктуу дүйнөлүк ырчылардын ырларын жактырам. Негизи эле ушул аялдардын баскан жолу, өмүр таржымалы абдан кызыктырат. Умм Кульсум азыр 80ден ашты. Жаш кезинде ага өкмөт толугу мене кам көрчү экен. АКШга болобу, Европа өлкөлөрүнөбү, айтор, гастролго барарда көйнөк, шубасына чейин мамлекеттин бюджетинен каражат бөлүнүп турган. Анын бир айырмачылыгы — өз өлкөсүндөгү концерттерин элдин жумушу бүткөндө түнкү саат 23.00дөн баштап таңкы саат 4кө чейин берчү экен.

— Сизди ушул тапта эмнелер бушайман кылат?

— Акыркы кездерде адамдар бири-бирибизди тирүүбүздө баалап, жылуу сөз айта албаганыбыз ойлондуруп жүрөт. Оозубуздун желин аяп койгон учурлар көп болот экен. Бир эле мисал келтирсем, обончу иним Апаз Жайнаковдун дүйнөдөн эрте өтүп кеткени капалантты. Анын "Өрүкзарын", "Кыргыз жерин" бапестен ырдап, ага болгон сый-урматым күчтүү эле. Бир элден, бир топурактан чыккан адам өзгөчө жакын болот экен да жандүйнөңө. Анан эле күтүлбөгөн жерден Апаздан айрылдык. Менин ага болгон урматым жетимсиреп кала берди. Балким, көзү тирүү болгондо мындан да катуу сыйлашып, ыраазычылыгымды билдирет белем? Ошондой эле катуу сыйлашып жүргөн кесиптешим Нурак Абдрахманов дагы эртерээк кетип калды. Ошол экөөнөн кийин менде "азыр, ушул жерден сыйлашалы, эртең кеч болуп калат" деген принцип пайда болду. Ошол себептен ырым дагы, концертим дагы "Келгиле, сыйлашалы" деп аталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0