Чокморов менен Ажыбекованын "кызы" Анара. "Кызыл алманын" таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморов, Анара Макекадырова менен Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Гүлсара Ажыбекованын сүрөтү 1975-жылы Фрунзеде тартылган.

Анда "Кызыл алма" тасмасында Чокморов башкы каарман Темирди ойноп, анын жубайы Сабиранын ролун Ажыбекова аткарган. Ал эми алты жаштагы Анара алардын кызынын образын жараткан.

Ошол учурдагы көз ирмемдерди Анара Макекадырова мындайча эскерет:

"Фильмге чындыгында таланттуу актерлер катышкан. Мен кароо-сынака келип өтүп кеткем. Съемка маалында мага алар өз кызындай мамиле кылып, роль аткарып жатканда жардамдашчу. "Кызыл алмада" мен ыйлаган эпизод бар. Ошондо Төлөмүш Океев ата кабагын түйүп алып мени карап турчу, Сүймөнкул Чокморов болсо күлдүрчү. Кайталангыс таланттар менен чогуу иштегениме сыймыктанам", — деп эскерет Макекадырова.

Ал ошондой эле бир эпизодду кайра-кайра ойноп кыйналгандыгын кошумчалады.

"Кызыл алмадагы" кичинекей Анара —азыр экономика илимдеринин доктору, профессор. Учурда ал Москвадагы Плеханов атындагы россиялык экономика университетинде эмгектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0