"Эрте келген турналардагы" кара көз сулуу. Мырзагүлдүн таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

Чокморов менен Ажыбекованын кызы Анара. Кызыл алманын таберик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Чокморов менен Ажыбекованын "кызы" Анара. "Кызыл алманын" таберик сүрөтү
Чыңгыз Айматовдун чыгармасынын негизинде тартылган "Эрте келген турналар" тасмасында Мырзагүлдүн ролун аткарган Нүргүл Киндербаеванын сүрөтү 1979-жылы тартылган.

Белгилүү режиссер Болот Шамшиевдин ал фильминде Сүймөнкүл Чокморов, Эмил Борончиев, Жамал Сейдакматова, Анара Мамбетова, Сабира Күмүшалиева, Советбек Жумадылов жана Арсен Умуралиев образ жараткан.

Окуучу кыздын ролун аткарган Нүргүл Киндербаева ошол кезеңди мындайча эскерет:

"Мен кичинекей кезимде эле актриса болууну кыялданып, мектепте, бала бакчада роль аткарып жүргөм. 1977-жылы окуучулар арасында сынак жарыяланып, тандоо Фрунзе шаарындагы пионерлер үйүндө өткөрүлгөн. Бирок киного тартылганга чейин ага катышып калам деген ой болгон эмес, мен үчүн ал кол жеткис кыялдай сезилчү. Тартуу маалдында кыйынчылыктар болбой койгон жок. Анткени Мырзагүл көп сүйлөбөгөн кыз болуп, бардыгын эмоция аркылуу билдирүү керек болду. Ошондо Болот Шамшиев менен чогуу каармандын ар бир кыймыл-аракетин, мимикасын иштеп чыкчубуз. Ал киши өз тасмаларындагы образды жаратууда чебер инсан жана каармандарынын ички сезимин көрүүчүлөргө жеткизе алган режиссер", — деп эскерет Киндербаева.

Азыр Нүргүл Киндербаева Түркияда БУУнун аймактык кеңсесинде эмгектенип, Стамбул шаарында жашайт. Учурда аял менен кыздардын укугу боюнча иш алып барууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0