"Дарак ыры" тасмасынын эл аралык аренадагы тушоосу Москвада кесилет

© Фото / Централ Азия фильмСъемки кыргызского мюзикла "Дарак ыры"
Съемки кыргызского мюзикла Дарак ыры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз тилиндеги биринчи мюзиклдин бет ачары 28-февралда өткөн

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Режиссер Айбек Дайырбеков тарткан "Дарак ыры" мюзикли Москва шаарында өтө турган XXXX эл аралык кинофестивалдын сынактан тышкаркы "Спектр" программасында көрсөтүлмөй болду. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондусу билдирди.

Дарак ыры тасмасын тартуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Мени да кечиргиле! Эртеңиңди эске салган "Дарак ыры"
Маалыматка ылайык, тасманын эл аралык премьерасы өтө турган маданий иш-чара быйылкы жылдын 19-26-апрель күндөрүнө белгиленген. "Спектр" программасы кинематографиялык мейкиндикти кеңейтүү максатында түзүлгөн.

Эскерте кетсек, кыргыз тилиндеги биринчи мюзиклдин бет ачары 28-февралда өтүп, коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынган.

Буга чейин тасманын режиссеру Айбек Дайырбеков жана продюсери Толкун Дайырбекова менен кенен-кесир сүйлөшүп, фильмдин өзгөчөлүгү тууралуу кеп кылганбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0