Эч ким күтпөгөн чыгарма. "Атадан калган туяк" аңгемеси тууралуу 8 факты

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүү"Атадан калган туяк" чыгармасына тартылган репродукция. Архив
Атадан калган туяк чыгармасына тартылган репродукция. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майдандан кайтпай калган жоокердин бул ааламга калтырып кеткен жалгыз эстелиги экендигин биле элек баланын дүйнөсүнө бүлүк салган кино жана анын жүрөктү жабыркатышы тууралуу кыскача баян.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын ичинде "Атадан калган туяк" аңгемеси көлөмү жагынан өтө кыска, сюжеттик-композициялык курулушу жөнөкөй, каармандары аз чыгарма. Анда согуштан кийинки жылдарда кыргыз айылдарынын биринде жесир апасынын колунда өсүп жаткан баланын атага болгон кусалыгы, сагынычы абдан драмалуу да, трагедиялуу да берилет.

Заслуженный деятель культуры, диктор Гульшан Молдоева - Sputnik Кыргызстан
37 жашында өмүрү кыйылган улуу талант. Жолдубай Кайыпов тууралуу 6 факты
"Атадан калган туяк" окурмандар күтпөгөн чыгарма болгон. Дүйнөлүк адабияттын тарыхын карап көргөндө жазуучулар адегенде чакан жанрда – аңгемеде тушоосун кесип, калыптанат, Айтматов да 1952-жылдан 1957-жылга чейин беш жыл бою аңгеме жазып келет да, анан жалпы планета талашып окуп жаткан "Бетме-бет", "Жамийла", "Делбирим", "Биринчи мугалим", "Саманчынын жолу", "Гүлсарат" повесттерин бирине удаа экинчисин жазып, биротоло повесть жанрында байырлап калгансыган, анан эле чочугандай 1964-жылы "Кызыл алма" жана 1968-жылы "Атадан калган туяк" аңгемесин жазып салат. Ошол бойдон аңгеме жазуусун токтоткондой.

Аңгеме адегенде кыргызча жазылган. "Атадан калган туяк" кыргызча жазылган жана "Советтик Кыргызстан" гезитинин 1968-жылдын 23-24-февралдагы санына басылган. Ошол кыргызчасы 1970-жылы "Мектеп" басмасынан өзүнчө китеп болуп чыккан.

"Атадан калган туяк" "Солдатенокко" айланган. Кыргызча жазылган аңгеме орусчага автор тарабынан которулуп, 1972-жылы "Солдатенок" деген ат менен жалпы дүйнөгө тараган. Мында кыргызча аталышындагы фразеологиялык сөз айкашы орусчага которууда кыйынчылык жаратканы себеп болгон сыяктанат.

Саманчынын жолу тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Саманчынын жолу" повести жөнүндө 7 факты. Адамзаттын өлбөстүгү тууралуу гимн
Баары кинодон башталды. "Атадан калган туяк" аңгемесинин башкы каарманы беш-алты жашар Авалбек согуш учурунда төрөлгөн көпчүлүк балдардай эле жеңиштен кийин өз балалык дүйнөсү менен жашап жаткан. Телефонистка болуп иштеген анын апасы Жээнгүл кичине кошумча каражат таап алайын деп совхоз кашарында жүн кырккандарга жардам берип жүргөн кезде кыркымчыларга деп көчмө кино келет. Жазуучу адегенде баланын эч нерседен капары жок романтикалуу дүйнөсүн, анын өмүрүндөгү сейрек болуучу "өпкөсү жарылып кете жаздоочу" абалын – кинонун келишине карата кубанычын сүрөттөп келет. Апасы ичи толуп бук болуп турганбы, кино башталганда алардын ичиндеги кыргызга окшош кишилердин бирин "Тигиногу сенин атаң" деп айтып жиберет. Ошондон кийин кино каарман баланын атасына айланат да, калат. "Мен Токтосундун баласымын" деп сыймыктанып жүргөн бала кинонун бир бөлүгү бүткөндөн кийин "атасын" туурап, анын атасы экендигин отургандарга далилдеп берет. Берки балдар аны келеке кылып, ал эми жашап калган адамдардын ооздоруна кеп келбей, тымызын бирөөлөргө наалат айтып, ичтен күйөт. Бирөөлөр ал сенин атаң эмес, артист десе, Жээнгүлдүн ички дүйнөсү уйгу-туйгу болуп "Жүр, балам, жүрөгой. Ошол сенин атаң" деп баласын жетелеп кетет. Автор чыгарманынын ичинде талашты чечпейт, аталышы менен бул талашка чекит коёт. Кыргызда "туяк" деген эркек адам каза болгондо андан калган жалгыз уул, демек, баланын атасы жок, анын атасынан жок болушуна согуш күнөөлүү. Баланын трагедиясы – согуш алып келген трагедия, Авалбек аркылуу согуштун тагы өмүр бою кетпесин, ал өзү бүткөндөн кийин да, анын такыр көрбөгөн баланын жүрөгүндө түнөп кала берерин көрсөтүү автордун максаты болгон.

Неизвестные кадры из первого фильма Толомуша Океева Небо нашего детства - Sputnik Кыргызстан
Тасмада залим, жашоодо ак көңүл. Легендарлуу Советбек Жумадылов тууралуу 7 факты
Чыгарма – сүрөт жана инсценировка өнөрүндө. Амангелди Мисюрев "Кино келди", "Баланын атасы жөнүндөгү экран жанындагы аңгемеси" деген сүрөттөрүн китеп графикасы катары тарткан жана жазуучунун китептерин жасалгалоо үчүн колдонгон. Кыргыз Мамлекеттик академиялык драма театрында инсценировкаланган "Солдаттын уулу" деген (сценарийи – Бакыт Карагуловдуку, режиссёру жана алып баруучу – Турсун Уралиев, башкы ролдо – Искра Райымкулова) деген чыгарма радиодон көп жолу берилген жана грампластинкага жазылган.

"Атадан калган туяк" — кино өнөрүндө. "Кыргызтелефильм" студиясы бул чыгарманын негизинде 1973-1974-жылдары кыска метраждуу телефильм тарткан. Ал "Солдатенок" деп аталган. Сценарийи — Эркин Борбиевдики, режиссеру — Элдар Уразбаев, оператору — Марат Дуганов, сүрөтчүсү — Жамбыл Жумабаев. Башкы ролдордо — Шайлоо Сагынбаев, Таттыбүбү Турсунбаева, Кубатбек Жусубалиев. Фильм Москвада окуп жаткан Эркин Борбиевдин дипломдук сценарийи болгон. Чыңгыз Айтматов башкы режиссерлукка өзбек жигити тандалганда кандай болот деп аябай кооптонгон экен. Фильм Сокулук районунда тартылган.

Режиссер Эрнест Абдыжапаров - Sputnik Кыргызстан
Өз үйүн күрөөгө коюп кино тарткан Эрнест Абдыжапаров. Режиссер тууралуу 6 факты
"Солдатенок" фильминин кызыктары: Сергей Бондарчук, Кубатбек Жусубалиев жана үкү окуясы. Кашарда коюлган кинону Сергей Бондарчуктун фильмдеринен алышкан, албетте, Айтматовдун кадыр-баркы менен болсо керек. Аңгеме киного өткөндө кыйла эле өзгөрүп кеткен. Айталык, анда тартайган, ашыкча адам сыяктуу көлөкөдөй жүрө берген фотограф кошулуп калган. Анын образын режиссёр менен оператор киргизип салган. Бул ролду ал кездеги жаш жигит, азыр Кыргыз эл жазуучусу болгон Кубатбек Жусубалиев ойногон. Кино тартып жаткан топтун жанына бир чабан үкүсүн көтөрүп басып келген экен, киночулар ал кишиге билгизбей үкүсүн Авалбек — Шайлоо Сагынбаевге кармата салып, бир кадр тартып калышат, ошол кыска убакта үкү асылбаштык жаш актёрдун бетин чокуп алганга жетишкен.

Сариев алган 172 рубль гонорар. "Атадан калган туяктан" кыргыз өкмөтүнүн экс-башчысы алгачкы гонорарын алган. Кино тартып жаткандар Сокулуктун Төш-Булак айылындагы жабалактап турган балдардын ичинен эң тыңы экен деп он жашар Темир Сариевди тандап алат. Ошентип ал бала 1973-жылы киного тартылып, Авалбектин досторунун биринин ролун аткарып 172 рубль акы алган. Акчасын энесине алып келип берсе, энеси аябай сүйүнүп, бардык бир туугандарына мектепке кийим сатып бергендиги кийин Сариев өзү айтып берген жайы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0