Индия ырларын созгон Гүлжамал, бакырайган Нургазы. "Ак кемедеги" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Кинофильм Ранние журавли режиссера Болотбека Шамшиева - Sputnik Кыргызстан
"Эрте келген турналардагы" кара көз сулуу. Мырзагүлдүн таберик сүрөтү
"Ак кеме" тасмасында роль жараткан кичинекей Нургазы Сыдыгалиев менен актриса Айтурган Темированын сүрөтү 1976-жылы Ысык-Көлдө тартылган.

Фильмде Асанкул Куттубаев, Орозбек Кутманалиев, Сабира Күмүшалиева жана Даркүл Күйүкова дагы образ жараткан. Режиссер Болот Шамшиев сценарийин Чыңгыз Айтматов менен биргеликте жазган.

Ошол учурду эскерген Нургазы Сыдыгалиев ал кезде алты жаштагы бала экенин айтып берди.

"Төрт жашымда Фрунзеде бий кружогуна барчумун. Мени ошол жактан байкап калып киного чакырышканда алты жаштагы тентек бала элем. Шамшиев агай "сен бизди укпайсың, ар кайсы жерге кетип кала бересиң" дей берчү. Кино тартуу иштери тоодо болгондуктан мени Сабира Күмүшалиева апа баласындай карачу. Өз ата-энем эки-үч айда бир жолу келип турчу. Алар бир жолу келип эртеси эртең менен Тамгадагы курортко кетип калышса болобу. Көрсө, алар режиссер менен алдын ала сүйлөшүп алышыптыр. Фильмде ыйлай турган эпизод бар. Баламын да, мен көптөн ыйлабай, көпкө чейин ойноп жүрүп алыптырмын. Анан мени ызалантып, "ыйласаң атаң менен апаң келет" деп алдашкан экен. Аларды сагынган менин жашым ошондо жамгырдай төгүлгөн", — деп эскерет Сыдыгалиев.

"Ак кеме" 1976-жылы Фрунзеде өткөн Бүткүл союздук IX кинофестивалда баш байгеге ээ болуп, анын тарткандар кийинки жылы СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0