"Түнкү кырсык" менен "Кентавр" эл аралык фестивалга чакыруу алды

© Фото / Эркин БолжуровКыргызский фильм "Кентавр" режиссера Актана Арым Кубата
Кыргызский фильм Кентавр режиссера Актана Арым Кубата - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 19-27-апрель күндөрү Тегеран шаарында өтөт

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Жыл сайын Иранда өтө турган "Фажр" кинофестивалына быйыл кыргызстандык режиссерлордун эки тасмасы катышат. Алар Актан Арым Кубаттын "Кентавры" менен Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсыгы". Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондусунан билдиришти.

Иш-чара 19-27-апрель күндөрү Тегеран шаарында өтөт.

Кыргызский фильм Кентавр режиссера Актана Арым Кубата - Sputnik Кыргызстан
Айылда мал багып, таксист болгон Актан Арым Кубат. Режиссер тууралуу 5 факты
"Фажр" — 35 жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан Жакынкы Чыгыштагы ири фестиваль. Негизги максаты — жаңы тасмаларды колдоо жана дүйнө коомчулугуна таанытуу.

"Түнкү кырсык" — буга чейин бир нече эл аралык фестивалдарга катышып, Таллин шаарында өткөн эл аралык "Темные ночи" кинофестивалында баш байге жана 10 миң евро сыйлыкка ээ болгон.

"Кентавр" — өз элинин улуттук баалуулуктарынын сакталып калышына жан үрөгөн адам тууралуу тасма. Бир нече эларалык фестивалдарда сыйлыктарга татыган. 2017-жылдын апрель айында Бельгияда өткөн MOOOV кинофестивалынын баш байгесине жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0