"Ак Илбирс" сыйлыгына талапкерлер аныкталды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ак Илбирс" улуттук кино сыйлыгы. Архив
Ак Илбирс улуттук кино сыйлыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан беш жыл мурун негизделген "Ак Илбирс" фестивалы 16 номинация боюнча мыктыларды аныктап келет

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. "Ак Илбирс-2018" улуттук кино сыйлыгына көрсөтүлүп жаткан тасмалардын тизмеси аныкталды. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондусунун сайтына жарыяланды.

Жеңүүчүлөрдүн аты 27-апрель күнү "Ак Илбирс" сыйлыгын тапшыруу маалында белгилүү болот.

Кыргызский фильм Кентавр режиссера Актана Арым Кубата - Sputnik Кыргызстан
"Түнкү кырсык" менен "Кентавр" эл аралык фестивалга чакыруу алды
Тизмеге көз салсак, Актан Арым Кубаттын "Кентавр", Руслан Акундун "Апамды издеп" жана Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" тасмалары беш номинация боюнча көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, мыктылыкка Керим Өмүркожоевдин "Махабат", Болот Тентимишевдин "Ата", Касиет Кубанычбек кызынын "Оймок", Мээрим Догдурбекованын "Бакыт", Азамат Шаршеновдун "Жизнь прекрасна", Калвира Акчалованын "Жол" жана Аскар Нуракун уулунун "Киноман" тасмалары ат салышат.

Мындан беш жыл мурун негизделген иш-чара 16 номинация боюнча мыктыларды аныктап келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0