Борбор калаада студенттердин ыры жаңырат

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясы. Архивное фото
Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясы. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жаштык ыры" студенттик поэзия кечесине өлкөбүздүн жогорку окуу жайларында окуп, ыр жазып жүргөн жаштардын ичинен эң мыктылары тандалып катышууда.

БИШКЕК, 11-апр.— Sputnik. Борбор калаада студент акындардын "Жаштык ыры" деп аталган поэзия кечеси өтүп, анда беш жаш акын ырларын чогулгандарга окуп берет. Бул туурасында Роза Отунбаеванын эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Литературно-сатирический вечер, посвященный 100-летию поэта, драматурга и сатирика Мидина Алыбаева - Sputnik Кыргызстан
Мидин Алыбаев тууралуу кызыктуу 10 факты. 42 жаш, сейрек талант, "таш коргон"
Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында биринчи, экинчи, төртүнчү курстун студенттеринин ыры жаңырмакчы.

Белгилей кетсек, "Жаштык ыры" студенттик поэзия кечесине өлкөбүздүн жогорку окуу жайларында окуп, ыр жазып жүргөн жаштардын ичинен эң мыктылары тандалып катышууда.

Иш-чараны белгилүү акын Мирлан Самыйкожо алып барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0