Жамал Сейдакматова дагы бир сыйлыкка ээ болот

© Фото / Шалтаев МуратЖамал Сейдакматова. Архив
Жамал Сейдакматова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ак илбирс" сыйлыгын тапшыруу аземи Бишкек шаарында 27-апрель күнү болмокчу

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бул жылы "Ак илбирс" фестивалында "Улуттук кинематографка кошкон эбегейсиз салымы үчүн" берилчү атайын сыйлык КР эл артисти Жамал Сейдакматовага ыйгарыларын Кыргызстан кинематографисттер союзунун уюштуруу иштери боюнча катчысы Талантбек Төлөбеков билдирди.

Кыргызский фильм Кентавр режиссера Актана Арым Кубата - Sputnik Кыргызстан
"Түнкү кырсык" менен "Кентавр" эл аралык фестивалга чакыруу алды
Сейдакматова ата мекендик ондогон мыкты тасмаларда роль жараткан. Алардын ичинде "Акбаранын көз жашы", "Караш-Караш окуясы", "Ак илбирстин тукуму", "Кара кийикке жол" сыяктуу бир топ фильмдери бар.

1957-жылдан тарта Кыргыз драма театрында эмгектенип, көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун алган жүздөгөн каармандардын образын жараткан.

Эске салсак, аталган сыйлыкка мурдагы жылдары Геннадий Базаров, Мар Байжиев, Болот Шамшиев, Нуртай Борбиев сыяктуу тасма тармагындагы көрүнүктүү адамдар татыган.

"Ак илбирс" сыйлыгын тапшыруу аземи Бишкек шаарында 27-апрель күн болмокчу.

Баса, буга чейин "Ак илбирс" сыйлыгына талапкер тасмалардын тизмеси жарыяланган. Алардын арасына Актан Арым Кубаттын "Кентавр", Руслан Акундун "Апамды издеп" жана Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" фильмдери бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0