Сүйүү ыры менен адыр ашкан махабат. Данияр менен Жамийланын таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, актриса Наталья Аринбасарова менен СССРдин Эл артисти Сүймөнкүл Чокморовдун сүрөтү 1969-жылы тартылган.

Ал жылы Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Жамийла" тасмасын режиссер Ирина Поплавская тарткан. Анда Жамийланын образын Наталья Аринбасарова, Даниярдыкын Сүймөнкул Чокморов, Сейиттикин Назирет Дубашев жараткан.

Согуш маалындагы кыйын кезеңди, сүйүүнү чагылдырган фильмде башкы ролду ойногон Наталья Аринбасарова ошол учурду мындайча эскерет:

© Sputnik Кыргызстан, Sputnik / Табылды КадырбековНаталья Аринбасарова: Чокморов адамгерчиликтүү, иштин майын чыгарган, кино үчүн жаралган инсан эле. Өмүрү узун болгондо көптөгөн фильмде тартылмак
Советская и российская актриса театра и кино Наталья Аринбасарова  - Sputnik Кыргызстан
Наталья Аринбасарова: Чокморов адамгерчиликтүү, иштин майын чыгарган, кино үчүн жаралган инсан эле. Өмүрү узун болгондо көптөгөн фильмде тартылмак

"Тасманын көпчүлүк бөлүгү Ысык-Көл облусундагы Кажы-Сай айылында тартылган. Мен ал кезде Москвадагы Сергей Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтунда окуп жүргөм. Ага чейин бир катар фильмдерге тартылып калгам, режиссер Поплавская өзү чакырткан. Ал эми Чокморовду ооруканадан алып кеткенибиз. Көрсө ал кургак учук менен ооруп жүргөн кези экен. Саламаттыгы начар экенине карабай ийнине жеткире ойногон. Аябай адамгерчиликтүү, иштин майын чыгарган, кино үчүн жаралган инсан эле. Кийин дагы чогуу иштешип калдык. Өмүрү узун болгондо көптөгөн фильмде тартылмак. Анткени Кыргызстан менен Казакстандын киночулары үчүн ал табылгыс актер болчу", — деди Аринбасарова.

Актриса ошондой эле тасма жаратууда актерлордон сырткары, оператор, сценарист жана режиссерлор мыкты эмгектенгендигин кошумчалайт.

Фильмде Даркүл Күйүкова, Болот Бейшеналиев, Сабира Күмүшалиева, Насыр Кытаев, Мухтар Бахтыгереев, Алтынбек Кенжеков, Назирет Дубашев өңдүү кыргыз жана казак актерлору катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0