Париждеги форумда Айтматовдун юбилейи жана чыгармачылыгы тууралуу кеп болот

© Sputnik / Степанов / Медиабанкка өтүүУлуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында түркологиянын орчундуу маселелеринин каралышы күтүлүүдө.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Париж шаарында ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында эл аралык илимий форум өтүп, анда маданий мурас катары Чыңгыз Айтматов тууралуу илимий талкуу болот. Бул туурасында тарыхчы Кадыралы Конкобаев кабарлады.

Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркиядагы расмий сапарынын алкагында бүгүн, 10-апрелде Анкара шаарында Чынгыз Айтматов атындагы көчөдө жайгашкан улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бюстуна барды - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун Анкарадагы бюстуна барып гүл койду
Иш-чара "Руханий жаңылануу жана маданий мурас: байыртадан келечекке" деп аталат.

Форумга дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн 50 окумуштуу-түрколог, мамлекеттик, дипломатиялык кызматкерлер чакырылган. ЮНЕСКО жетекчилиги менен катар бир канча эл аралык илим, билим берүү жана маданият мекеме жетекчилери да катышмакчы.

Париж форумунда түркологиянын орчундуу маселелеринин каралышы күтүлүүдө.

"Байыркы түрк жазма эстеликтеринин окулушунун 125 жылдыгы, Түрк элдеринин маданий мурастары (Магжан Жумабаевдин 125, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы), андан сырткары, жок болуп бара жаткан түрк тилдери боюнча маселе ортого коюлмакчы ", — деди Конкобаев.

Форумду Эл аралык Түрк академиясы менен ЮНЕСКО биргелешип өткөрүп жаткандыгы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0