Эрте келген турналар филминен үзүндү. Архивдик сүрөт

"Эрте келген турналар" повести тууралуу кызыктуу 7 факты

17243
(жаңыланган 12:10 22.04.2018)
Абдыкерим Муратов
Согуш учурунун катаал шартында бийик адамдык абийирин сактап калган "Ак-Сай десанттары" — өспүрүмдөр тууралуу баян.

Башкарма, майданчы Тыналиев мектептен Ак-Сайга кош айдоо үчүн беш жигитти – "чорону" тандап алат. Алардын колбашчысы он бештеги – Султанмурат, экинчи чоро – Анатай, үчүнчү чоро – атка жеңил, тайга чак Эркинбек баатыр, төртүнчүсү – Алтын туяк аты бар Эргеш баатыр, бешинчиси – Кубаткул. Мына ушул Тыналиев "Ак-Сай десанттары" деп атаган балдарды алдыда оор сыноолор күтүп турган. Чыгармада ошол балдардын өмүрүнүн бир кыска үзүмдөрү, кош айдоого даярдыктары, кош айдоо кезиндеги жеңиштери жана жеңилиштери чагылдырылат.

Бүгүн жазуучунун согуш апаатынын алыскы бир айылдагы беш балага тийгизген таасири тууралуу жазылган "Эрте келген турналар" повести тууралуу 7 фактыны сунуштайбыз.

Повесттин жазылышы жана басылыш тарыхы. Чыгарма орус тилинде жазылган жана "Ранние журавли" деген ат менен "Новый мир" журналынын 1975-жылдагы №9 санына басылган. Аны кыргыз тилине Ашым Жакыпбеков которгон. Кыргызчасы "Эрте жаздагы турналар" деп да, "Эрте келген турналар" деп да аталып келет. Эң алгач кыргызча котормосу "Ала-Тоо" журналынын 1978-жылдыгы №7 номерине жарыяланган. Коомдук-социалдык курч проблемаларды көтөрүп келген соңку эки чыгармасына – "Гүлсарат" менен "Ак кемеге" салыштырганда "Эрте келген турналар" партияга жана партиялык түзүлүшкө "асылбаган" "жай" чыгарма болду. Ырасында мындай "ызы-чуусуз" чыгарманы окурмандар күткөн эмес эле…

"Манас-Атанын ак кар, көк музу" жана "…турналар". Анда СССР деп аталган улуу державада жана ага өнөктөш социалисттик өлкөлөрдө Улуу Жеңиштин 30 жылдыгына карата чоң даярдыктар жүрүп жаткан. Ушул нооканга карата ошол кездеги окумдуу жумалык болгон "Кыргызстан маданияты" газетасынын 1975-жылдын 1-майдагы санына советтик атактуу жазуучунун "Манас-Атанын ак кар, көк музу" деп аталган тарыхый-документалдык чыгармасы – очерки чыккан. Анда өзүнүн башынан өткөргөн окуяларын баяндаган мындай сүйлөмдөр бар эле: "Лапылдата жааган кар… учурдун катаалдыгына каарданган "Манас-Атанын" ак кары… Калың кардын пардасынан кошчулардын карааны каалгыйт… Айлана тынч, дабышсыз жааган кардын шоокумунан классташтарымдын үндөрүн тааныйм: Байтик, Тайырбек, Сатар, Анатай, Султанмурат. Мен жакындап баруудан тартынам, көпкө даай албайм, көзүмдөн аккан жашты алар көрбөсө дейм… Ошол кышта бир жаман окуя болгон. Түн бир оокумда терезени тарсылдаткан катуу үндөн ойгонуп кеттим. Ээрден эңкейип, бирөө камчысын каккылап кыйкырды:

— Тур батыраак! Ат сарайда жылкы жок!..

Мен шашып-бушуп жөнөдүм. Көчөдө баратып үй-үйдөн мага окшоп кийине чуркап жеңин таппай келаткандарды көрдүм. Атканага жакындаганда, андагы чаңкылдаган үндөр угулду. Көрсө, түн жарым ченде атчы карайлап уйкуга кирген кезде, кайдагы дайынсыздар кирип, четки акырдан эки атты жетелеп чыгып кетиптир". Мына ушул окуя кандайдыр бир башкача өңүттөн "Эрте келген турналарга" негиз болгонсуйт. А түгүл айрым классташтарынын (Султанмурат, Анатай) ысымдарын да ошол бойдон повестке киргизген.

Повесть жазуучунун уулуна арналган. Чыгарманын башына Ч.Айтматов "Уулум Аскарга" деп жазып койгон. Бекеринен "Эрте келген турналар" уулу Аскарга арналган эместей. Конкреттүү эки муундун (Чыңгыз – Аскар) балалыгы, атанын бала чагы менен анын уулу тааныш болуу керектиги жөнүндө айткан жазуучунун насааты, моралы. Ушул жагынан алып караганда бул адеп-ахлактык баян. "…ар кандай учурларда, ал эми катаал кезең, оор сыноолордо ого бетер ажарына чыккан рухий бийик сапат, асыл касиет жөнүндө айткым келген", — деп айтат автор бул повести жөнүндө.

Ашташтырылган эпиграфтар. Повестте "Ак-Сай менен Көк-Сайым жер соорусу турбайбы" деген кыргыз эл ырынан эки сап, "Иовдун китебинен" эки сап, байыркы индус мурасы "Тхерагатхадан" алты сап эпиграф катары алынган жана алар чыгарманын жалпы өзөгү менен ашташып турат.

Повесттеги мугалим эжей турмушта болгон каарман. Повесттин башталышынан алынган "Ирик түймө жүн жоолугун ороно салынса да болбой үшүгөн Иңкамал-апай өзүнөн бетер көк муштум болуп олтурган балдарга география сабагында Цейлон аралы жөнүндө узун сабак – кызык жомок айтып жатыры" деген сүйлөмдөр жөнүндө ошол эжейдин прототиби Миңкамал Жолоева, же эл айткандай Иңкамал-апай: "Баланын унутпай, баарын жүрөгүнө сактап жүргөнүн карачы деп өзүнчө таң калам. Жада калса ошол кездеги башымдагы жүн жоолугумдан бери жазыптыр. Ооба, ошол кезде менин ошондой жоолугум боло турган. Чыгармасында ошол бойдон сүрөткө түшкөндөй болуп жоолукчан жазылыптырмын", — деп эскерген жайы бар. Иңкамал-апай повесттин окуялары турмуштун накта өзүнөн алынгандыгын өзүнүн "Мен анда окуучуларга география сабагы менен катар ботаника, зоология сабактарынан берчүмүн. Мырзагүл деген болсо Асылкан деген сулуу кыз эле. Класстагы балдардын баары тең аны менен бир партада олтургусу келишчү", — деп айтат К.Өмүралиев менен бир маегинде. Жазуучу өзү да мугалимдери тууралуу бир баянында "Мени окуткан мугалим-апай Миңкамал Жолоева жана башка мугалимдердин жардамы, өзгөчө алардын сезгичтик, этияттык менен кылган мамилеси мага өмөк болду" — деп жазат. Ушул сыяктуу окуя, каармандарды карап туруп, "Эрте келген турналарда" тарыхый-документалдык, мемуардык, автобиографиялык негиз күчтүү көрүнөт деп айта алабыз.

Кыргыздар уялганынан сыйлык берген "Эрте келген турналар". Бул чыгармасы жарыяланганда Ч.Айтматов СССРдин Мамлекеттик сыйлыгын, Лениндик сыйлыкты эбак алып кадыр-баркы көкөлөп турган. Бирок, карашса, ал өз республикасынын сыйлыгын ала элек экен. Анан 1976-жылы али кыргызча которула да элек чыгармага – "Ранние журавли" повестине Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Деги эле бул чыгарма сыйлыктан жолдуу болду: 1979-жылы "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" аттуу чыгармасы менен кошо терең гуманизм жана адам улуулугунун рухун ачкандыгы үчүн Италиянын Вольтерра шаарынын коомчулугунун биринчи сыйлыгына, 1980-жылы дагы эле ошол повести менен бирге Италиянын эл аралык "Этрурия" сыйлыгына татыган. "…турналар" – кино өнөрүндө. Адаттагыдай эле повесть жарыяланары менен эле анын киноверсиясын тартуу башталды. Фильмдин сценарийин Чыңгыз Айтматов жана Болот Шамшиев жазды. Режиссёру – Болот Шамшиев, оператору – Сергей Тараскин, композитору – Александр Кнайфель, Сүрөтчүсү – Виктор Амельченков. Башкы ролдорду Эмил Борончиев – Султанмурат, Нургүл Кендирбаева – Мырзагүл, Марс Кутманалиев – Анатай, Сүймөнкул Чокморов – Султанмураттын атасы, Гүлсара Ажыбекова – Султанмураттын апасы, Сүйүтай Шамшиева – Султанмураттын карындашы, Советбек Жумадылов – Султанмураттын таякеси, Орозбек Кутманалиев – ууру, зөөкүр адам ж.б. белгисиз дебютанттар жана белгилүү актёрлор аткарган. Фильмди тартуу жумуштары Чүй жергесинде 1978-1979-жылдарды жүрүп, таанытымы 1979-жылдын февралында өткөн. Ролдордун бирин башкы режиссёр өз кызына, дагы бирин Орозбек Кутманалиевдин уулуна ылайык көрүп, үй-бүлөлүк ансамблдер да түзүлүп кеткен. Эмил Борончиев – Султанмурат бул фильмден кийин Бүткүл союздук киночулар институтунда А.Баталовдун колунда окуду, "Мосфильм", казак, өзбек киностудияларынан, а түгүл Голливуддан тасмаларга тартылууга чакыруу алган. "Аномалия", "Элеттик күйөө бала", "Тоолор" ж.б. фильмдерге тартылган. Ошентсе да, ал Султанмурат бойдон элдинин эсинде сакталуу жүрөт. Мырзагүл сулуунун ролуна тандалган Нургүл Кендибаева ал кезде ар күнү беш көкүл чачы менен жүргөн жетинчи класстын окуучусу болсо, кийин чет тили адистигине ээ болуп, эл аралык абройлуу уюмдарда иштеп келет.

17243
Белгилер:
факты, "Эрте келген турналар" повести, Чыңгыз Айтматов
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (295)
Тема боюнча
Сүйүү ыры менен адыр ашкан махабат. Данияр менен Жамийланын таберик сүрөтү
Бир чара балык, боз үйдө жашаган асылдар. "Бакайдын жайытынан" таберик сүрөт
"Саманчынын жолу" повести жөнүндө 7 факты. Адамзаттын өлбөстүгү тууралуу гимн