Жусуп Абдрахманов жөнүндө фильмге режиссер изделүүдө

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКруговая панорама на ВВЦ
Круговая панорама на ВВЦ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сценарий улуттук "Кыргызфильм" киностудиясынын көркөм кеңешинде кабыл алынып, кыргыз тарыхчылары тарабынан жактырылган.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кыргызстандагы коомдук фондулардын бири кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Жусуп Абдрахманов жөнүндө жазылган киносценарий боюнча даректүү фильмди тартуу үчүн кинорежиссерлор арасында конкурс жарыялады.

Конкурс Жусуп Абдрахманов тууралуу даректүү фильм тартуу аркылуу кино тармагында кесипкөйлүктү, новаторлукту, иновациялык идеяларды, жаңы технологияларды колдоо максатын көздөйт.

Фильмде Абдрахмановдун коомдук-саясий ишмердүүлүгү, саясий көз караштары, адамдык сапаттары ар тараптуу талдоого алынат. Ошондой эле анын улуттук лидер катары бейнесин ачып, кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоодо келечек муундардын мекенчилдик сезимин ойготуп, мамлекетке ак кызмат кылуунун таалим-тарбиялык өрнөктөрүн ачып көрсөтүүгɵ багытталат.

Тайлак баатырдын 220-жылдыгын белгилөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Тайлак баатыр" тасмасынын режиссеруна сынак жарыяланды
Жусуп Абдрахманов жөнүндөгү киносценарий Төлөмүш Океев атындагы улуттук "Кыргызфильм" киностудиясынын көркөм кеңешинде кабыл алынып, кыргыз тарыхчылары тарабынан жактырылган.

Конкурска катышууну каалаган кинорежиссерлор режиссерлук сценарий, даректүү фильмге кетүүчү чыгымдарды жана фильмди тартуунун мөөнөттүк иш планы менен келиши керек. Алар 2018-жылдын 1-июлуна чейин Аскар Салымбеков фондусуна жогорку иштерди тапшырып, белгиленген күнү өз идея-сунуштарын коргоого милдеттүү.

Конкурстун жеңүүчүсү аталган даректүү фильмди тартуу укугун алат.

Суроолор болсо 0312 620921, 0772 09 29 09 телефону номерине чалып же fpi.kg@mail.ru электрондук дарегине жазса болот.

Буга чейин Шабдан баатыр тууралуу кино тартылмакчы болуп, ал ара жолдо токтоп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0