"Катюша", "Смуглянка"... Опера жана балет театрында жеңиш ырлары жаңырат

© Sputnik / Акылбек БатырбековЗдание театра оперы и балета имени А. Малдыбаева в Бишкеке
Здание театра оперы и балета имени А. Малдыбаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
6-май күнү "Саманчынын жолу" балети да тартууланат.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Жеңиш күнүнө карата майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Бул тууралуу театрдын расмий сайтында жарыяланды.

Билдирүүгө ылайык, иш-чаралар 5-6-8-май күндөрү болот.

"Музыкалык-поэтикалык кече театрдын опера, хор жана симфониялык оркестрдин солисттеринин катышуусунда өтөт. Анда көрүүчүлөр үчүн "Эх, дороги", "Темная ночь", "Катюша", "Журавли", "Смуглянка", "В землянке", "Синий платочек", "День победы" жана башка согуш, жеңиш ырлары жаңырмакчы", — деп жазылат маалыматта.

Встреча Тугельбая Сыдыкбекова и Чингиза Айтматова - Sputnik Кыргызстан
Эмнени сүйлөшүп жатышты экен? Айтматов менен Сыдыкбековдун таберик сүрөтү
Концертке кирүү акысыз. Иш-чаралар 5-май күнү 17:00дө, 8-май күнү 18:00дө башталат.

6-май күнү "Саманчынын жолу" балети да тартууланат.

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасынын негизиндеги спектакль алгачкы жолу 1976-жылы коюлуп, андан соң СССРдин бир топ театрларын кыдырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0