Драма театрында "Макбеттин" кыргыз-англис тилиндеги премьерасы болот

© Фото / Майрамбек уулу ЭркинбекАктриса Клейр Картврайт в образе персонажа из спектакля "Макбет"
Актриса Клейр Картврайт в образе персонажа из спектакля Макбет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спектаклдин премьерасы 1-2-3-4-майда болуп, аны Лондондогу "Глобус" театрынын режиссеру жана актрисасы Сара Жейн Бергер коет.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызстанда эртең биринчи ирет жаңы стилде, атактуу англиялык драматург Уильям Шекспирдин "Макбет" трагедиясы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында коюлмакчы. Бул туурасында аталган театрдан кабарлашты.

Аны Лондондогу "Глобус" театрынын режиссеру жана актрисасы Сара Жейн Бергер коет.

"Спектакль кыргыз-англис тилинде жүрөт. Башкы ролдо Стив Хейз, Клейр Картврайт (Лондон), Альбина Имашева, Атай Өмүрбеков. Продюсери — Юлдош Журобаев", — деп билдиришти аталган театрдан.

Бул долбоор драматург, жазуучу Султан Раевдин демилгеси менен башталган.

Азыркынын Таттыбүбүсү менен Сүймөнкулу ким? Топ жарган жаш актерлор - Sputnik Кыргызстан
Азыркынын Таттыбүбүсү менен Сүймөнкулу ким? Топ жарган жаш актерлор
Бул саамалыкты кыргыз коомчулугу кыргыз улуттук театр өнөрүндө чоң маданий окуя жана маданий сенсация катары баалап, пикирлерин билдирүүдө.

Театр сүйүүчүлөргө спектаклдин премьерасы 1-2-3-4-майда тартууланат.

Сара Бергер — Улуу Британиянын Королдук театрында Шекспирдин чыгармаларынын негизинде бир топ спектаклдерди койгон белгилүү режиссер.

"Макбет" — Уильям Шекспирдин белгилүү трагедияларынын бири. Чыгарма Шотландия падышасы Макбеттин жашоосунан алып жазылган. Анда Шекспир бийликке жетүү үчүн адамдардын жан талашуусу, достордун сатып кетүүсү, адамзаттын утурумдук кызыкчылык үчүн пендечилиги чагылдырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0