9-майда кандай иш-чаралар болот жана салют канчада атылат. Мэриянын маалыматы

© Sputnik / Табылды КадырбековАкция "Вальс Победы" посвященная участникам ВОВ на площади Победы
Акция Вальс Победы посвященная участникам ВОВ на площади Победы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектептерде Жеңиштин 73 жылдыгына карата Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары конокко келип, ачык сааттар өтөт.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Улуу жеңиштин 73 жылдыгына карата борбор калаада бир канча иш-чаралар өтөт. Башкы майрам "Жеңиш" аянтында, саат 10:00дө башталат. Ал үч блоктон турат: "Өчпөс отко" КРдин куралдуу күчтөрүнүн аскерлери гүлчамбарды салтанаттуу алып келип коет. Андан соң 2 миңге кишиге салт болуп калган аскердик ботко берилет жана концерт тартууланат. Үчүнчүсү— майрамдын орчундуу бөлүгү саат 22:дө атылган кечки салют болот.

Празднование 72-годовщины Победы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Унутуп калбаңыз! Кыргызстанда 5-май жана 9-май дем алыш болот
Жеңиш майрамынын алдында 9-майга карата борбор калаанын көчөлөрүнө 20дан ашык баннер орнотулат.

Ушул эле күнү эртең мененки 9:00дө "Өлбөс полк" акциясы башталат. Катышуучулар Дайыр Асанов атындагы парктан чыгып Масалиев, андан соң Байтик баатыр көчөсү менен жүрүп отуруп, "Жеңиш" аянтына келишет.

Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына арналган иш-чаралар Бишкек шаарынын төрт районунда тең өткөрүлөт.

Октябрь районунда 7-май күнү саат 9:00дө Дайыр Асанов атындагы парктан Даңк монументинде салтанаттуу иш-чара болот.

Биринчи май районунда 7-майда саат 10:00дө Боордоштор көрүстөнүндө митинг-реквием уюштурулат.

Ленин районунда 9-майда саат 8:00дө Жаш Гвардия бульварынын Баатырлар аллеясында митинг-реквием болуп, согушта каза болгондордун элесине арналып гүл коюу болот.

Свердлов районунун бардык мектептеринде Жеңиштин 73 жылдыгына карата Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары конокко келип, "Мекенчилдик жана интернационализм" деп аталган ачык сааттар өтүп, сүрөттөрдүн көргөзмөсү болот.

9-майда борбор калаанын социалдык өнүктүрүү башкармалыгы саат 14:00дө Балдардын музыкалык "Таберик" театрында "Салют, Жеңиш" деп аталган мекенчилдик маанайдагы спектакль коет. Ага согуш ардагерлери чакырылган.

Согуш ардагери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Согуш ардагерлерине жыл сайын бир берилчү акчалай жардам көбөйдү
Аны менен катар эле Улуу ата мекендик согуштун катышуучулары почта аркылуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир ирет бериле турган 11,4 млн. сом алышат. Бишкек мэриясы согуштун майыптарына, катышуучуларына, концлагерге жашы жете электе түшкөн туткундарга, Ленинград блокадачыларга 5 миң сомдон, согушта каза болгон жоокерлердин жесирлерин, оорукта иштегендерге, согушта каза болгондордун үй-бүлөсүнө, согуштун майыптарына 8,6 млн. сом каралган.

Учурда, 2018-жылдын 1-апрелине карата шаарда Улуу ата мекендик согуштун 1230 ардагери жашап жатат. Алардын 25 согуштун майыптары, 118 согуштун катышуучулары, 20сы концлагерге жашы жете электе түшкөн туткундар, 12и Ленинграддык блокадачылары, 421и оорукта эмгектенгендер жана согуштун катышуучусунун жесирлери.

Эске сала кетсек, быйыл согуш ардагерлерине жыл сайын бир берилчү акчалай жардам көбөйдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0