Түркиянын Конья шаарында кыргыздын чүкө оюну элдин кызыгуусун жаратты

© Фото / Азамат АрпачиевКыргызстанцы на мероприятии "Межнациональная встреча студентов" в Конье
Кыргызстанцы на мероприятии Межнациональная встреча студентов в Конье - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык жаштар түрк элине кыргыздын маданияты, улуттук оюндары жана тарыхы жөнүндө кенен маалымат беришкен.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Түркиянын Конья шаарында билим алып жаткан кыргызстандык студенттер 5-6-май күндөрү "Улуттар аралык студенттердин жолугушуусу" аттуу иш-чарага катышып, Кыргызстандын баалуулуктарын жергиликтүү калкка тааныштырды. Бул тууралуу Коньядагы Кыргызстан жаштар биримдигинин жооптуу мүчөсү Максатбек Акматов билдирди.

Кыргызстандыктар тарабынан бул жылы биринчи жолу уюштурулган чүкө оюну жергиликтүү калктын бүйүрүн кызытып, жаш-кары дебей оюнга катышкан.

© Фото / Азамат АрпачиевТүркиянын Конья шаарында билим алып жаткан кыргызстандык студенттер 5-6-май күндөрү "Улуттар аралык студенттердин жолугушуусу" аттуу иш-чарага катышып, Кыргызстандын баалуулуктарын жергиликтүү калкка тааныштырды.
Түркиянын Конья шаарында билим алып жаткан кыргызстандык студенттер 5-6-май күндөрү Улуттар аралык студенттердин жолугушуусу аттуу иш-чарага катышып, Кыргызстандын баалуулуктарын жергиликтүү калкка тааныштырды. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Түркиянын Конья шаарында билим алып жаткан кыргызстандык студенттер 5-6-май күндөрү "Улуттар аралык студенттердин жолугушуусу" аттуу иш-чарага катышып, Кыргызстандын баалуулуктарын жергиликтүү калкка тааныштырды.
© Фото / Азамат АрпачиевКыргызстандыктар тарабынан бул жылы биринчи жолу уюштурулган чүкө оюну жергиликтүү калктын бүйүрүн кызытып, жаш-кары дебей оюнга катышкан.
Кыргызстандыктар тарабынан бул жылы биринчи жолу уюштурулган чүкө оюну жергиликтүү калктын бүйүрүн кызытып, жаш-кары дебей оюнга катышкан. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Кыргызстандыктар тарабынан бул жылы биринчи жолу уюштурулган чүкө оюну жергиликтүү калктын бүйүрүн кызытып, жаш-кары дебей оюнга катышкан.
1/2
Түркиянын Конья шаарында билим алып жаткан кыргызстандык студенттер 5-6-май күндөрү "Улуттар аралык студенттердин жолугушуусу" аттуу иш-чарага катышып, Кыргызстандын баалуулуктарын жергиликтүү калкка тааныштырды.
2/2
Кыргызстандыктар тарабынан бул жылы биринчи жолу уюштурулган чүкө оюну жергиликтүү калктын бүйүрүн кызытып, жаш-кары дебей оюнга катышкан.

"Биз өлкөбүздө эки жыл сайын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлүп турарын, анын ичинде кыргыздарга, жалпы эле көчмөндөргө таандык оюндар болгонун айтып кызыктырууга аракет жасадык. Чатырга Кыргызстандын ажайып жайларынын сүрөттөрүн, ак калпакты жана башка түрдүү улуттук буюмдарды алып чыктык", — деди Акматов.

Ошондой эле ал түрк элине кыргыздын маданияты, улуттук оюндары жана тарыхы жөнүндө кенен маалымат беришкенин кошумчалады.

Иш-чарага аталган шаарда окуган 60ка чукул мамлекеттин жаштары өзүнүнүн өлкөсүн жарнамалаган. Ар бир өлкөнүн өкүлдөрүнө өзүнчө чатыр бөлүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0