"Музейдеги түн" акциясы. Өлкөдө өтүүчү өзгөчө иш-чаранын даректери

© Sputnik / Табылды КадырбековГапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи. Архив
Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жылы уюштуруучулар көрүүчүлөр үчүн жаңы программа даярдашкан.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргызстанда "Музейдеги түн" акциясы өтөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигине уюштуруучу Чолпон Тентиева кабарлады.

Иш-чара Бишкекте 18-май күнү өтүп, кечки саат 18:00дөн түнгө чейин уланат.

Көрүүчүлөргө мастер-класс жана ар түрдүү оюн-зооктор тартуулана турчу жайлардын даректери:

— Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи;

— Касымалы Баялинов атындагы республикалык китепкана;

— Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры;

— Михаил Фрунзенин үй-музейи;

— Ольга Мануйлова атындагы мемориалдык үй-музейи;

— Семен Чуйков атындагы мемориалдык үй-музейи;

— Сүймөнкул Чокморовдун кол өнөрчүлүк музейи;

— Ачык асман алдындагы "Эмен багы" сүрөт музейи;

— КР сүрөтчүлөрүнүн "Эмен багы" паркындагы көрсөтмө залы;

— Asanbay борбору;

— Студия 705;

— "Loft" цехи;

— "Тунгуч" театры;

— Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи;

— Чыңгыз Айтматов атындагы тасма үйү;

"Музейдеги түн" иш-чарасы өлкө ймактарында 20-май күнү 18:00дөн түнгө чейин созулат. Даректери ушу тапта такталууда.

Аталган акция республикада ушуну менен бешинчи жолу өткөрүлүп жатат. Салттык программа быйыл жаңыланып, кызыктуу оюн-зооктор болору күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0