"Евровидение — 2018" сынагын израилдык ырчы Нетта жеңди

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЭл аралык "Евровидение — 2018" сынагын израилдик ырчы Нетта жеңди
Эл аралык Евровидение — 2018 сынагын израилдик ырчы Нетта жеңди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конкурстун финалы ишемби күнү Португалиянын Лиссабон шаарында өттү.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Эл аралык "Евровидение — 2018" сынагын израилдик ырчы Нетта жеңди. Ал "Toy" аттуу ырын аткарган. Конкурстун финалы ишемби күнү Португалиянын Лиссабон шаарында өттү.

Нетта өз өлкөсүндө Rising Star конкурсун жеңип, "Евровидение — 2018" сынагына жолдомо алган. Анын YouTube каналына жарыяланган ыры 26 миллиондон ашык жолу каралды.

Ага сынактын баш байгесин былтыркы жеңүүчү Сальвадор Собрал тапшырды. 

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүү"Евровидение-2018". Финал
Евровидение-2018. Финал - Sputnik Кыргызстан
"Евровидение-2018". Финал

"Евровидение" сынагы быйыл биринчи жолу Португалияда өттү. Конкурстун финалдык бөлүгүнө 26 мамлекеттин өкүлдөрү чыккан. Биринчи орунду израилдик ырчы алса, экинчи орунду Кипрден келген Элени Форейре Fuego ыры менен алды. Үчүнчү орунга австриялык Цезарь Сэмптон Nobody but you ыры менен татыды.

Ал эми Россиянын атынан катышкан Юлия Самойлова финалга өткөн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0