Казак актрисасы Канндагы фестивалда кыргыз уздары тиккен кийим менен чыкты. Сүрөт

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүАктриса Самал Еслямова Канн кинофестивалынын сыйлык тапшыруу аземине
Актриса Самал Еслямова Канн кинофестивалынын сыйлык тапшыруу аземине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандык актриса кызыл килем үстүнө кыргызстандык дизайнер Кадыргүл Шаршембиева тиккен көйнөк кийип чыкты.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Канн кинофестивалынын сыйлык тапшыруу аземине казакстандык актриса Самал Еслямова кыргызстандык дизайнер Кадыргүл Шаршембиеванын эмгегин кызыл килем үстүнө кийип чыкты. Бул тууралуу дизайнер өзү кабарлады.

Актриса "Айка" тасмасында ойноп, аялдын мыкты ролу үчүн байге алган. Башкы каарман жаңы төрөгөн ымыркайын төрөтканага таштап кетет. Бирок энелик жүрөгү чыдабай кийин баласын издей баштайт.

Шаршембиеванын айтымында, "Айка" тасмасынын жаратуучулары андан палантин, чапан жана шарф сатып алышкан. Еслямова аны Канн фестивалында жана Астанада өткөн маалымат жыйында кийип чыккан.

"Биз кийимдерди бир гана Бишкекте эмес, Алматыга да жөнөтүп турабыз. "Айка" тасмасынын тартуу тобу алгач казакстандык дизайнерлердин кийимдерин карап жатышкан, бирок биздики аларга көбүрөөк жагып калыптыр. Бардык кийимдер таза кийизден жана жибектен тигилет", — деди ал.

Кадыргүл Шаршембиева менен анын кол өнөрчү сиңдилери жыл сайын Кыргызстандын атынан эл аралык сынактарга катышып, беделдүү сыйлыктарга татып келет. Мисалы продукциянын сапатына жогорку баа берген UNESCO 23 сертификат ыйгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0