Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында 300 киши бир учурда манас айтат

Жазылуу
Манас айтуу иш-чарасы төрт саатка уланып, Маданият, тарых, тил каналында түз эфирден көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында 300 киши бир учурда манас айтат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган иш-чаранын режиссеру Ырыс Окенова билдирди.

Анын айтымында, бул КТРКнын түптөлгөнүнүн 60 жылдыгына карата уюштурулуп, манас айтуу 31-май күнү саат 18.00дө башталат.

"Алгач кыргыз элинин белгилүү манасчылары кезектешип манас айтышат. Ал эми Ак-Талаа районунан келген 300 киши бир учурда манас айтмакчы. Мындан сырткары, "Ак калпак" флешмобу да уюштурулат. Манастын күчү элди биригүүгө жана ынтымакка чакырат эмеспи. Антыктан жергебизде тынччылык болсун деген максатта борбордук аянтта өткөрүүнү чечтик", — деди Окенова.

Манас айтуу иш-чарасы төрт саатка уланып, Маданият, тарых, тил каналында түз эфирден көрсөтүлөт. Бардык каалочулар келип манас угуп кетсе болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0