"Эне-бала" Бакен Кыдыкеева менен Болот Бейшеналиев. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиевдин сүрөтү 1975-жылы тартылган.

Ошол жылы режиссер Геннадий Базаров "Көздүн кареги" тасмасын тартып, анын сценарийин Ашым Жакыпбеков менен Леонид Дядюченко жазат. Фильмди тартуу иштери Фрунзе, Москва шаарларында жүрүп, ага кыргыз, орус элинин белгилүү артисттери катышкан.

Ал кезеңди Геннадий Базаров мындайча эскерет:

"Бакен эже менен Болот байкени фильмдин үстүндө иштей баштаганда эле чакыргам. Анда Кыдыкеева эненин, Бейшеналиев анын баласынын образын жараткан. Ага чейин эже менен "Саманчынын жолунда" чогуу иштешип калдым эле. Бул залкарлар менен эмгектенүү өтө жеңил болчу. Мисалы, Кыдыкеева менен эптеп-септеп бир нерсе кылуу мүмкүн эмес эле. Эже ролдорду ийине жеткире, өтөсүнө чыгара аткарчу. Ошондой эле тасмага Алиман Жанкорозова, Советбек Жумадылов, Орозбек Кутманалиев, Бакы Өмүркулов, Сүймөнкул Чокморовдор да катышкан", — деди Базаров.

Сүрөттөгү таланттуу инсандар өз чыгармачылык жолунда жүздөгөн фильмде роль жаратканы маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0