БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Драматург, философ, жазуучу жана котормочу Асан Жакшылыковдун "Эргүүдө өткөн 50 жыл" аттуу чыгармачыл кечеси болорун Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, иш-чара 30-май күнү Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында саат 18.00дө башталат.
"Кечеге Асан Жакшылыковдун санаалаштары, интеллигенция өкүлдөрү, "Манас эл коому" фондусунун мүчөлөрү келет", — деп айтылат маалыматта.
Жазуучу 1949-жылы Нарындын Миң-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Алгачкы "Таңдын ырахаты" аттуу ыр жыйнагы 1969-жылы чыккан.