Замирбек Үсөнбаев: өмүрүмдө бир да жолу арак ичип, чылым тарткан жокмун

© Sputnik / Максат ЭлебесовНародный артист КР, акын-сказитель Замирбек Усенбаев
Народный артист КР, акын-сказитель Замирбек Усенбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын Замирбек Үсөнбаев өзүнүн чыгармачылыгында ондогон ак таңдай азаматтарды тарбиялаган. Алардын көбү азыр эл алдына чыгып өз өнөрүн тартуулап келет.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы 45 жыл бою филармонияда эмгектенип, азыр дагы чыгармачылык менен алпурушуп жүргөн устат менен маек курду.

— Маегибизди сиздин ысымыңыздан баштагым келип турат. Үч ат ыйгарылган экен…

— Өзүмдүн паспорт боюнча жазылган атым Мир. Мен төрөлгөндө тынчтык боюнча конференция өтүп жаткан экен. Атам Алымкул Үсөнбаев жазуучу Аалы Токомбаевге сүйүнчүлөп барып, ошол конференциядан улам мага "Мир" деген ат беришкен экен. Экинчи атым "Тобокел", аны таенем койгон. Үй-бүлөбүздө эркектер чарчап кала берип, анан ырымдап ушул ысымды коюшуптур. Анан кийин филармонияда иштеп жүрүп эле Замирбек болуп калдым. Мындайча айтканда, эл бул атты өзү эле коюп алган. 

© SputnikКыргыз Республикасынын эл артисти Замирбек Үсөнбаев эмгек жолун 16 жашында баштаган
Народный артист КР, акын-сказитель Замирбек Усенбаев - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Республикасынын эл артисти Замирбек Үсөнбаев эмгек жолун 16 жашында баштаган

— Төкмөлүк менен кетишиңизге энем себепчи болгон деген жайыңыз бар…

Известный акын, заслуженный артист КР Аалы Туткучев - Sputnik Кыргызстан
Аткаминерлерди сындап ырдабас болдум. Казак акындары Аалынын айласын кетиргенде
— Апам өтө таланттуу адам эле. Ал киши мага ырын, акындыгын үйрөтүп, таалим-тарбиясын берди. Башкалар айтып калат го, баланчанын мектебинен өткөм деп. Мен ошол апамдын мектебин аяктагам. Комуз черткенди атамдан үйрөнүп, алты жашымда эле кол ойнотуп калгам. 12 жашка чыкканда атам бул дүйнөдөн өтүп кетти, бирок ал киши менин ырдаганымды, комуз черткенимди көрүп калды. Энем мага жол көрсөтүп тарбиялады. Андан сырткары, мен ырчы болбой кое албайт элем. Себеби биздин үйдөн мейман үзүлчү эмес. Алардын арасында Осмонкул Бөлөбалаев, Саякбай Каралаев, Ыбырай Туманов, Карамолдо Орозов, Коргоол Досуев аталар бар. Мен аларды жакындан көрүп, алардын колуна суу куюп батасын алып калдым. Ошонун баары жашоомо өз таасирин тийгизди. Анан бала кезимде эс-тутумум күчтүү болчу. Алардын чыгармаларын бери жакта угуп жаттап, кечинде обонго салып окшоштуруп байке-эжелериме ырдап берчүмүн. Ошол аракеттер калыптануума чоң түрткү болуп, 16 жашымда эле филармонияда иштеп, эл алдына чыга баштагам.

— Жаштайыңыздан кыргыз маданиятынын каймактарына аралашып калган экенсиз да?

— Филармонияда Ашыраалы Айталиев, Токтосун Тыныбеков, Эстебес Турсуналиевди эрчип жүрүп, алардын мектебинен өттүм. Алар үчүн өнөр биринчи орунда болуп, байлык, айлык, даража роль ойночу эмес. Кичинекей айылдын маданият үйүндө болобу, заңгыраган ак сарайда болобу, баарына бирдей мамиле кылып ырдаган жандар болгон. Жаштайымдан ошондой асыл адамдар менен жүрдүм. 

© Sputnik / Максат ЭлебесовТөкмө акын Үсөнбаев 45 жылдай Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда эмгектенген
Народный артист КР, акын-сказитель Замирбек Усенбаев - Sputnik Кыргызстан
Төкмө акын Үсөнбаев 45 жылдай Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда эмгектенген

— Устат-шакирт жөнүндө сөз кылсак. Чыгармачылыгыңызда бир топ эле жаштарды тарбияладыңызбы?

— Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунда 17 жыл сабак бердим. Ошол жакка 1990-жылдардын башында улуттук музыка, фольклор кафедрасын ачып, эл арасынан тың балдарды чогултуп акын, дастанчы, манасчыларды окутканбыз. Азыр өлкө боюнча 50гө жакын шакиртим бар. Алар таалим-тарбия алганы эле, андан башка алыстан устат туткандар көп да.

— Анан алардын ийгилигин көрүп көңүлүңүз толуп, кубанасыз?

— Ооба. Азыр алар заманга жараша ырдап, такшалып калышты. Айрымдары өздөрүнүн окуучуларын таптап жатат. Мурун деле ушундай бири-бирин эрчитип жүрүп үйрөнүшкөн да. Анан ал шакирттердин салмагы, сапаты канчалык болорун мезгил көрсөтөт. Энем айтып калчу эле, заманга жараша ырчы болосуңар деп. Ошондой болууда.

— Төкмөлүк байыртадан элди биримдикке чакырып, коомдогу көйгөйдү айтып келген. Азыр жаштар ошол вазийпаны аткарып келе жатабы?

Театрализованное шое в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
ТОП-5. Ырды куюлтуп, саптарды сабалаткан жаш акындар
— Силер союз маалында оңгулуктуу ырдаган жоксуңар, бийлик тарабынан кысым болгон деп айткандар болгон. Бирок иш жүзүндө андай тоскоолдуктарга кабылган жокпуз. Мисалы, биз айылга барганда күндүз чыгып алып айыл аралап, жергиликтүү бийликтин кемчилигин байкап, карапайым эл менен баарлашып алып кечинде ырдачубуз. Ал жердеги чыгарма райондук, облустук, анан республикалык гезитке чейин жетчү. Кыскасы ал жоопсуз калчу эмес. "Акындар ушинтип ырдап кетти" деген резонанс болчу. Ал эми азыр жаштар эл өкүлдөрүн, аткаминерлерди сындап ырдап, термелерди жазып жатышат. Бирок негедир алардын сынына тиешелүү жооп болбой, анча таасирин бербей жаткандай. Анан акындыкта эң негизгиси элди бөлүп-жарбай ырдаш керек. Себеби бул өнөрдүн ээлери кайсы заманда жашабасын, элдин биримдигин жогору коюп келишкен. 

— Уул-кыздарыңыздын арасында сиздей болуп ата жолун улагандар барбы?

— Балдарымдын арасында жок. Алар башка тармак боюнча кетишкен. Ал эми неберелеримдин арасында бар. Мен алардын чоң устаты жана сынчысымын.

© Sputnik / Максат ЭлебесовЗамирбек Үсөнбаев Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунда 17 жыл шакирттерди тарбиялаган
Народный артист КР, акын-сказитель Замирбек Усенбаев - Sputnik Кыргызстан
Замирбек Үсөнбаев Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунда 17 жыл шакирттерди тарбиялаган

— Сиздин чылым чегип, спирт ичимдигин такыр ичпегениңизди уккан элем. Ушул чынбы?

— Өмүрү арак ичип, тамеки тарткан жокмун. Буга апамдын мага көп жолу айткан акыл-насааты себеп болду. "Спирт ичимдигин ичпе, чылым чекпе деп атаң сага айтып кеткен" деп энем бассам-турсам айтып тураар эле. Анан колума стакан кармоо мен үчүн тимеле чыккынчылык кылгандай сезилчү. Азыр 66 жаштан өтүп калдым, арак ичпей эле аман-эсен жүрөбүз. Жашоодо "100 грамм болсо, сонун ырдап жиберем" деп жашагандарды да көргөнбүз. Бирок алардын жолу кыска болуп калды. Жада калса мыкты таланттарды арак курутуп жок кылып жиберген учурларды көрдүм.

Жаңылыктар түрмөгү
0